# 12-берене. Изилдөө объекттери

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203908)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 100 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 апреля 2023 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О судебно-экспертной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112563)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908#diff=1244142..1244143>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4838/edition/1244142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203908/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө, 12-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-12

---

1. Буюм далилдери, документтер, предметтер, өлүктөр жана алардын бөлүктөрү, жаныбарлар, салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөр, системалар, технологиялар, маалыматтык массивдер, ошондой эле алар боюнча соттук экспертиза жүргүзүлүп жаткан иштин материалдары изилдөөлөрдүн объекттери болуп саналат.

Изилдөөлөр ошондой эле тирүү адамдарга карата да жүргүзүлөт.

2. Изилдөөлөрдү жүргүзүүдө буюм далилдери жана документтер изилдөөлөрдү жүргүзүү жана корутунду берүү үчүн зарыл өлчөмдө гана, соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен бузулушу же пайдаланылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн уруксат соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо же аныктамада камтылууга тийиш.

Соттук экспертизаны дайындаган органдын (жактын) уруксаты менен буюм далилдеринин жана документтердин бузулушу алардын менчик ээсине келтирилген зыяндын ордун соттук-эксперттик уюмдар же эксперт тарабынан толтурулушуна алып келбейт.

3. Эгерде изилдөө объектин соттук-эксперттик мекемеге ташуу мүмкүн болбогон учурда, соттук экспертизаны дайындаган орган же жак экспертке объектке тоскоолдуксуз барышын жана аны изилдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203908/st-13)
