# 1-берене

- Документ: ["Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203904)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 ""Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203904/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4834/edition/477576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203904/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (15.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203904/st-1

---

"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 6 жана 6-1-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруудагы ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:

- энергияны үнөмдөө жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү;

- энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча, ошондой эле көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча энергияны үнөмдөөнүн мамлекеттик тутумунун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын түзүмдөрүн аныктоону;

- "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга ылайык Улуттук энергетикалык программаны ишке ашырууга контролду жүзөгө ашырууну;

- компетенциясынын чектеринде энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну;

- энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын бекитүүнү.

---

Кийинки берене: [6-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203904/st-6-1)
