# 9-берене. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203899)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2019 [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930); 20.06.2019 [Закон КР от 20 июня 2019 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об идентификации животных"](https://aqlex.ai/kg/doc/111922)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899#diff=956487..956488>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4829/edition/956485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203899/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө, 9-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-9

---

1. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде чарбаларды каттоо, жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө;

2) идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин жүргүзүүгө, ошондой эле идентификациялоо каражаттарын жана жаныбарларды идентификациялоо үчүн зарыл башка көмөкчү материалдарды бирдиктүү сатып алууну камсыз кылууга;

3) чарба жүргүзүүчү субъекттердин чарбаларынын эсебин жүргүзүүгө;

4) идентификацияланган жаныбарлардын кыймылы жана катталган чарбалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген формада, тартипте жана мөөнөттөрдө расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга квартал сайын отчет берүүгө;

5) чарба жүргүзүүчү субъектке Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган идентификацияланган жаныбарга жана чарбага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча документтерди берүүгө.

1-1. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча өзүнүн айрым ыйгарым укуктарын тийиштүү мамлекеттик органдарга, мамлекеттик ишканаларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана келишимдик негизде жеке ветеринардык практика менен алектенген жактарга өткөрүп берет.

2. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо жана чарбаларды каттоо эрежелерин жана талаптарын бузууга күнөөлүү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75, 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-10)
