# 8-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттин милдеттери, укуктары жана жоопкерчиликтери

- Документ: [Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203899)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2019 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об идентификации животных"](https://aqlex.ai/kg/doc/111922)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899#diff=956486..956487>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4829/edition/956485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203899/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө, 8-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-8

---

1. Чарба жүргүзүүчү субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо үчүн ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укук өткөрүлүп берилген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жөнүндө, жаныбарлардын кыймылы тууралуу ишенимдүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берүүгө;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте идентификацияланган жаныбарлардын эсебин жүргүзүүгө.

2. Чарба жүргүзүүчү субъект ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан же жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укук ага өткөрүлүп берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча идентификацияланган жаныбарга документтерди алууга укуктуу.

3. Чарба жүргүзүүчү субъекттерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбаган чарбада чарбалык иш менен алектенүүгө;

2) чарбада идентификацияланбаган жаныбарларды багууга жана көбөйтүүгө.

4. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо эрежелерин жана талаптарын бузууга күнөөлү чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-9)
