# 7-берене. Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоонун тартиби

- Документ: [Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203899)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2019 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об идентификации животных"](https://aqlex.ai/kg/doc/111922)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899#diff=956486..956487>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4829/edition/956485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203899/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө, 7-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-7

---

1. Идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоо төмөнкүдөй ырааттуулукта жүзөгө ашырылат:

1) чарбаларды каттоо;

2) жаныбарларды идентификациялоо;

3) чарбалардагы идентификацияланган жаныбарлардын эсебин алуу;

4) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде идентификацияланган жаныбарлар жана алардын кыймылы, союлушу (утилдениши), өлүмү (кыргыны) жөнүндө маалыматтарды каттоо;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча жаныбарларга документтерди тариздөө жана берүү.

2. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин формасы, мазмуну жана жүргүзүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.

3. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде идентификацияланган жаныбарларды жана чарбаларды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-8)
