# 5-берене. Жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо органдары

- Документ: [Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203899)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2019 года № 75 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об идентификации животных"](https://aqlex.ai/kg/doc/111922)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899#diff=956486..956487>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4829/edition/956485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203899/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө, 5-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-5

---

1. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин алуу жана администрациялык-аймактык бирдиктин Идентификацияланган жаныбарларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана жүргүзүү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган, менчик ветеринардык дарыгерлердин/менчик ветеринардык адистердин ассоциацияларын тартуу менен өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар идентификацияланган жаныбарлардын кыймылы жана чарбалардын катталышы жөнүндө маалыматтарды жалпылайт.

2. Чарбалардын ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин баалоо мамлекеттик ветеринария органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. (КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2019-жылдын 20-июнундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-6)
