# 3-берене. Жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы мыйзамдар

- Документ: [Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203899)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4829/edition/956485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203899/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө, 3-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-3

---

1. Кыргыз Республикасынын жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Мыйзамдын жана аларга ылайык кабыл алынчу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын жоболоруна негизденет.

2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежеси колдонулат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-4)
