# 2-берене. Ушул Мыйзамдын негизги максаттары жана милдеттери

- Документ: [Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203899)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4829/edition/956485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203899/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө, 2-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-2

---

1. Ушул Мыйзамдын максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарларды идентификациялоонун бирдиктүү тутумун ишке киргизүү;

2) алардын азыктуулук көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, мал чарба продукциясынын рынокторун башкаруу жана болжолдоо үчүн жаныбарлар жөнүндө ыкчам жана ишенимдүү маалыматты алуу;

3) жаныбарлардын саны жөнүндө ишенимдүү маалыматты пайдалануу менен эпизоотияга каршы, алдын алуу-дарылоо жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды пландоо жана жүргүзүү;

4) биологиялык коопсуздукту, өндүрүлгөндөр, сатылып жаткан продукциялардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө, жаныбардан чыккан азыктардын жана чийки заттардын толук жана ишенимдүү маалыматтарын керектөөчүлөргө берүүнү камсыз кылуу.

2. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жаныбарлардын санынын ишенимдүү эсеби;

2) жаныбарларды экспорттоодо жана импорттоодо мамлекеттик ветеринардык көзөмөл жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу ылаңдарды козгогучтардан коргоо;

3) жаныбарларды багууда, көбөйтүүдө, аларды соодалоодо, союуда жана союлгандардын пайдаланууга жараксыз болгон азыктарын жана өлгөн мал өлүктөрүн утилдештирүүдө чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптарды сактоо.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-3)
