# 10-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү

- Документ: [Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203899)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 91 "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899#diff=956487..956488>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4829/edition/956485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203899/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө, 10-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-10

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде чарбаларды каттоо, жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө;

2) идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин жүргүзүүгө;

3) чарба жүргүзүүчү субъекттердин чарбаларынын эсебин жүргүзүүгө;

4) идентификацияланган жаныбарлардын кыймылы жана катталган чарбалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген формада, тартипте жана мөөнөттөрдө расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга квартал сайын отчет берүүгө;

5) чарба жүргүзүүчү субъектке Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган идентификацияланган жаныбарга жана чарбага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган форма боюнча документтерди берүүгө.

3. Жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо жана чарбаларды каттоо эрежелерин жана талаптарын бузууга күнөөлүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары аларга жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203899/st-11)
