# КР 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 ""Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 ""Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203898>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4828/edition/431091/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203898.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 ""Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203898

---

КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 33 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 6-июну № 90

"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203898/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2012-жылдын 10-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 13-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет. Парламенттик оппозициядан талапкерлердин бири да Кеңештин курамына өтүү үчүн добуштардын жетиштүү санын албай калган учурда, Кеңештеги бир орун парламенттик оппозициянын добуштардын көбүрөөк санын алган талапкерине берилет.".

2. 15-берененин 1-бөлүгүндө:

бөлүк төмөнкүдөй редакциядагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: "Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директорун ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга;"; он үчүнчү абзацтагы "курамынын" деген сөз "мүчөлөрүнүн санынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 19-беренеде:

3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Башкы директор Кеңеш тарабынан 4 жылга шайланат жана Кеңешке отчет берет. Эгерде Корпорациянын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлердин бири да шайлануу үчүн добуштардын жетиштүү санын албаса, анда жаңы конкурс өткөрүлөт."; берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-бөлүктөр менен толукталсын: "3-1. Корпорациянын башкы директору коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат орундарын ээлей албайт. Корпорациянын башкы директору өз милдеттерин аткаруу убагында партиялык уюмдардагы өзүнүн мүчөлүгүн токтотуп турат. 3-2. Корпорациянын иши жөнүндө жылдык отчет бекитилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директору ээлеген кызмат ордунан бошотулат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203898/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
