# 9-берене. Турмуш-тиричилик имараттарына карата гигиеналык талаптар

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 9-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-9

---

1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын өндүрүштүк цехтеринин жумушчулар үчүн турмуш-тиричилик жайлары иштегендердин санына жараша жана санитардык өткөрмө түрүндө жабдууланууга тийиш.

2. Бардык жумушчулар санитардык кийим менен камсыз кылынышы керек.

3. Санитардык кийимдер үчүн илгич жайлар жана жеке буюмдарды коюучу жайлар өз-өзүнчө болушу керек.

Иштеген аялдардын саны 100дөн ашса, аялдардын өздүк гигиенасы үчүн жайлар жабдылышы керек.

4. Жуунучу жайлар кийим илгич жайга ирегелеш жайгаштырылышы керек.

5. Ажаткананын кире беришинде дезинфекциялоочу суюктук менен нымдалган дезкилемче болушу керек.

6. Санитардык түйүндөрдү тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн сигналдык түрдөгү атайын шайман бөлүнүп берилүүгө тийиш, аны сактоо үчүн өзүнчө жай аныкталат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-10)
