# 7-берене. Каналдаштырууга карата гигиеналык талаптар

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 7-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-7

---

1. Ишканалар борбордук каналдаштырууга кошулган болушу керек, ал эми андай болбогон учурда, транспорттун эркин кирип-чыгуусун эске алуу менен, өндүрүштүк жайлардан 25 метрден кем эмес алыстыкта жылчыксыз бетондолгон агынды чуңкурларды жасоо каралышы керек.

2. Өндүрүштүк жана чарбалык-тиричилик агын суулары үчүн каналдардын ички тарамдары өзүнчө жабдууланат жана коллекторго өз алдынча чыгуусу тийиш.

3. Өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик сууларын ачык көлмөлөргө тиешелүү тазалоосуз кое берүүгө жол берилбейт.

4. Өндүрүштүк агын сууларын каналдаштырууга жана жергиликтүү тазалоо курулмаларына кое берүүнүн алдында тамак-аш өндүрүшүнүн технологиялык процесстерине жараша механикалык тазалоодон өткөрүлүшү керек, май чыпкалары аркылуу өткөрүлөт жана зыянсыздандырылат.

5. Өндүрүштүк жана кампа жайларындагы агын суулар куюла турган тик түтүктөр текшерүүсүз сырты шыбалган тик тирөөчтөргө төшөлүүсү керек.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-8)
