# 6-берене. Суу менен жабдууга карата гигиеналык талаптар

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 6-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-6

---

1. Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген ичүүчү суу пайдаланышы керек.

2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларды суу менен жабдуу борбордук тармактардан жана жергиликтүү булактардан (бургу булактардан) каралат.

3. Коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча суунун көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек.

4. Ичүүчү муздак суу жана ысык суу берилүүчү түтүктөр контрасттуу түстөр менен сырдалышы керек.

5. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканага техникалык максаттар үчүн ичүүгө жараксыз суу колдонулган учурда, ичүүчү суудан ажыратылган суу менен жабдуу тутуму каралышы керек.

6. Тамак-аш азыктары менен тикелей катышта пайдаланылган буу тамак-аш азыктарынын булганышына алып келбөөсү жана адамдын ден соолугу үчүн коркунучтуу заттарды камтыбашы керек.

7. Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө колдонулган идиштерди муздатуу үчүн ичүүчү таза суу колдонулушу керек.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-7)
