# 21-берене. Тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджмент тутумунун

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 21-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-21

---

принциптери

Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджмент (башкаруу) тутумунун принцибине негизделген милдеттүү контроль тутумун киргизүү зарыл. Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген продукцияларды өндүрүү үчүн тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча чарба субъекттери төмөндөгү принциптерге негизденген өндүрүштүк (өздүк) контроль тутумун уюштурушу, колдонушу жана колдоосу керек:

1) өндүрүү жана жүгүртүү процессинде ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга алып келүүсү мүмкүн болгон, ар кандай коркунучтарды аныктоо;

2) өндүрүү процессинде коркунучту болтурбоодо жана жоюуда контролдун зарылдыгын талап кылган кескин контролдук түйүндөрдү аныктоо;

3) технологиялык процесс тарабынан аныкталып берилген параметрлерди контролдоодо, аларды сактабоо ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген продукцияларды жүгүртүүгө чыгарууга алып келүүсү мүмкүн;

4) кескин контролдук түйүндөрдө аныктала турган жана контролдоно турган көрсөткүчтөрдүн чектүү маанисин белгилөө;

5) кескин контролдук түйүндөрдө контролдоно турган көрсөткүчтөрдүн мониторингин жүргүзүү;

6) азыктын ар бир түрү боюнча коопсуздуктун белгиленген көрсөткүчтөрүнөн четтеген учурда аракеттердин тартибин аныктоо;

7) өндүрүштүн технологиялык режимдерин жана параметрлерин белгилөөчү тиешелүү документтерди жүргүзүү.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-22)
