# 20-берене. Өндүрүш операцияларын контролдоо

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 20-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-20

---

1. Тамак-аш азыктарын өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу өндүрүүчү өндүрүштүк-технологиялык процесстин ар бир этабында коркунучтуу тобокелчиликтерди жана кескин контролдук түйүндөр же тамак-аш азыктарынын коопсуздугу менеджменти тутумун талдоонун негизинде ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сактоо үчүн өндүрүштүк контролду уюштурат.

2. Өндүрүштүк контроль уюмдун жетекчиси же жекече ишкер тарабынан белгиленген тартипте бекитилген өндүрүштүк контроль программасына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Өндүрүштүк контроль программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) технологиялык процесстердин контролдонуучу чен-өлчөмдөрү;

2) коопсуздук талаптары боюнча чийки затты, компоненти, даяр продукцияны лабораториялык өндүрүштүк контролдоонун мезгилдүүлүгү;

3) жууп-тазалоо, жыйнаштыруу, дезинфекциялоо жана дератизациялоо графиктери жана режимдери;

4) жабдууларды жана шаймандарды техникалык тейлөөнүн графиктери жана режимдери;

5) продукцияны кайра алуу, толуктап иштеп чыгуу жана кайра иштетүү жолдору;

6) персоналдардын гигиенасын камсыздоо боюнча иш-чаралар;

7) мүмкүн болуучу булгоочуларды контролдоочу пункттар (кескин контролдоочу түйүндөр);

8) продукцияны кайтарып алуу (жүгүртүүдөн алып коюу) жол-жобосу.

Өндүрүштүк контролдоо программасы ишкананын жетекчилигинин кароосу боюнча өндүрүштөгү өзгөрүлгөн кырдаалга байланыштуу кайра каралышы же толукталышы мүмкүн. Өндүрүүчү өндүрүлгөн тамак-аш азыктарынын булганышын жокко чыгаруучу, технологиялык процесстердин тандалып алынган оптималдуу ырааттуулугун (агымын) контролдоону камсыз кылууга тийиш.

4. Жүргүзүлгөн өндүрүштүк контролдун натыйжалары ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын ырастоо үчүн документ түрүндө жол-жоболоштурууга тийиш.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-21)
