# 19-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүү, алардын коопсуздугун

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 19-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-19

---

кепилдөө принциптери

Тамак-аш азыктарын өндүрүү төмөндөгү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш:

1) өндүрүлгөн продукциялардын коопсуздугун камсыздоочу, тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн бардык баскычтарында (участоктордо) аларды жүзөгө ашыруунун технологиялык процесстерин жана режимдерин тандоо;

2) өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын жана чийки заттардын булгануусун болтурбай турган технологиялык процесстердин оптималдуу ырааттуулугун (агымын) тандоо;

3) өндүрүштү тийиштүү имараттар, коммуникациялар, жабдуулар, үйрөтүлгөн даяр персоналдар менен камсыздоо;

4) чийки заттардын, таңгактоонун, көмөкчү материалдардын коопсуздугун, алардын туура сакталышын жана ташылуусун контролдоо;

5) өндүрүлгөн азыктардын коопсуздугун камсыздоочу тартипте уюштурулган, технологиялык жабдуулардын ишин контролдоо;

6) чийки заттарды ташуунун жана сактоонун зарыл шарттарын камсыз кылуу;

7) тамак-аш азыктарын өндүрүү процессинде пайдаланылган имараттарды, жабдууларды, шаймандарды жана унаа каражаттарын алар азыктарды булгоочу булак болбой тургандай абалда кармоого;

8) продукцияларды өндүрүү процессинде алардын коопсуздугун камсыз кылуучу колдонулган имараттарды автоцистерналарды, жабдууларды жана шаймандарды санитардык тазалоонун (жууп-тазалоонун), дезинфекциялоонун, дезинсекциялоонун жана дератизациялоонун ыкмаларын жана мезгилдүүлүгүн тандоо. Санитардык тазалоо, дезинфекциялоо, дезинсекциялоо жана дератизациялоо продукциялардын булгануу тобокелчилигинен качуу үчүн жетиштүү аралыкта жүргүзүлүүгө тийиш. Санитардык тазалоонун, дезинфекциялоонун, дератизациялоонун жана дезинсекциялоонун мезгилдери өндүрүштүк (өздүк) контролдун тутумдарынын алкагында чарбалык иштин катышуучулары тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-20)
