# 17-берене. Кызматкерлерге карата гигиеналык талаптар

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 17-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-17

---

1. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларга ишке орношуп жаткандар же иштеп жаткан кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарга ылайык медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардагы санитардык-гигиеналык эрежелерди аткаруу үчүн өндүрүүнүн бардык этаптарында тамак-аш азыктарынын булганышын болтурбоо максатында өндүрүш жумушчуларын санитардык кийим менен камсыздоо, өздүк гигиенанын эрежелерин сактоо шарттарын түзүп берүү зарыл.

3. Инфекциялык оорулардын, жугуштуу жаракаттардын, тери инфекцияларынын, жаралардын жуктургуч булактары болгон адамдар тамак-аш азыктарын өндүрүүдөн четтетилүүгө тийиш.

4. Ар бир жумушчунун өздүк медициналык китепчеси болуп, анда текшерилүүнүн жыйынтыктары такай жазылып турат, анын ичинде жугуштуу оорулары жоктугу жана гигиеналык даярдык программасына ылайык окугандыгы тууралуу маалыматтар болууга тийиш.

5. Тамак-аш азыктары өндүрүшүнүн чөлкөмүндө иштеген ар бир кызматкер өздүк гигиенанын эрежелерин сактоого жана таза санитардык кийимге ээ болууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-18)
