# 14-берене. Азык-түлүк чийки заттарын кайра иштетүүгө карата

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 14-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-14

---

гигиеналык талаптар

1. Азык-түлүк чийки затын өндүрүүчүлөр төмөнкүлөр үчүн чара көрүүсү керек:

1) азык-түлүк чийки заттарынын абадан, жер кыртышынан, суудан зыяндуу заттар менен булгануусун болтурбоо же чектөө;

2) азык-түлүк чийки заттарын биологиялык жана башка булгануудан сактоо;

3) айлана-чөйрөнү өндүрүштүн зыяндуу таштандыларынан коргоону камсыз кылуу;

4) зыяндуу заттарды жана калдыктарды сактоодо жана утилдештирүүдө коопсуз шарттарды камсыз кылуу.

2. Азык-түлүк чийки заттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздуктун физикалык-химиялык, санитардык-микробиологиялык, мителик жана радиологиялык көрсөткүчтөрүнүн талаптарын канааттандырышы керек.

3. Азык-түлүк чийки заттарын кайра иштетүүдө тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн гигиеналык шарттарын уюштурууну камсыз кылуу зарыл.

4. Гигиеналык шарттарга төмөнкүлөр кирет:

1) оор металлдар, пестициддер, микотоксиндер, радионуклеиддер, ветеринардык дары-дармектердин жогору болушу, потенциялдуу патогендик микрорганизмдер, микробдордун токсиндери жана гельминттер сыяктуу булгоочуларды контролго алуу;

2) колдонулуп жаткан сууну, органикалык калдыктарды жана жер семирткичтерди контролдоо;

3) өсүмдүктөрдү жана биоциддерди коргоо каражаттарын туура пайдалануу, ошондой эле аларды байкоого алуу;

4) ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошумчаларын туура пайдалануу жана аларды байкоого алуу;

5) өлгөн жаныбарларды, калдыктарды жана таштандыларды утилдештирүү;

6) саламаттык сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына факты боюнча маалымат жиберүүнү кошуп алганда, адамга тамак аркылуу жугуучу оору козгогучтардын түшүүсүн болтурбоону алдын алуу үчүн коргоо чаралары;

7) тамак-аштын тиешелүү гигиеналык шарттарды сактоо менен өндүрүлгөнүн, кайра иштетилгенин, таңгакталганын, сакталганын же алынып келингенин кепилдей турган дезинсекциянын, дератизациянын жана дегельминтизациянын натыйжалуу жол-жоболору;

8) малды жана канаттууларды союу алдындагы багуу жана союу боюнча ветеринардык-санитардык чаралары.

5. Азык-түлүк чийки затын өндүрүү, ташып кирүү жана аны жүгүртүү чөйрөсүндөгү чарбалык иштердин катышуучулары коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-15)
