# 13-берене. Технологиялык процесстерге карата гигиеналык талаптар

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 13-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-13

---

1. Азык-түлүк чийки заттарын жана тамак-аш азыктарын кабыл алуу, кайра иштетүү жана сактоо процесстеринин бардыгы аларды таза кармоо жана булгануудан жана бузулуулардан сактоо, ошондой эле аларга башка нерселердин жана заттардын түшүп калуусунан сактоо шарттарында жүргүзүлүшү керек.

2. Тамак-аш азыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгууга тийиш.

3. Ишканалар чийки заттарды андан ары иштетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген документтери жок албоого тийиш.

4. Иштетүү үчүн келип түшкөн чийки заттар жана көмөкчү материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бериши керек.

5. Технологиялык процесстерге карата гигиеналык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик ишкананын жетекчиси тарабынан ыйгарым укук берилген жооптуу адамдарга жана ишкананын жетекчисинин өзүнө жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-14)
