# 12-берене. Технологиялык жабдууларга карата гигиеналык талаптар

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 12-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-12

---

1. Жабдуулар техникалык тейлөө жана иштетүү үчүн аларга жетүү эркин болгудай жана белгиленген багытына ылайык иштетиле тургандай жайгаштырылышы керек.

2. Тамак-аш азыктарынын булгануусун болтурбоо үчүн технологиялык процесстер мүмкүн болушунча көбүрөөк автоматташтырылышы жана механикалаштырылышы керек.

3. Тамак-аш азыктарына тийиштүү технологиялык жабдуулар уулуу эмес, дат баспаган, тамак-аш азыктарын өндүрүүгө колдонууга уруксат этилген жана тазалоого жана дезинфекциялоого оңой болгон материалдардан жасалышы керек.

4. Булгануу тобокелчилигин болтурбоо үчүн технологиялык жабдуулар натыйжалуу тазаланууга, жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш.

5. Технологиялык жабдуулардын жайгашуусу технологиялык процесстердин агымын камсыз кылуусу, чийки заттардын жана даяр азыктардын каршы агымдарын болтурбашы керек.

6. Жабдууларды жайгаштырууда өндүрүштүк процесстердин, чийки заттардын, жарым фабрикаттардын жана даяр азыктардын сапатына гигиеналык контроль жүргүзүүнү камсыз кылуучу шарттар жана ошондой эле жайларды жана жабдууларды жууп-тазалоо, жыйноо жана дезинфекциялоо мүмкүнчүлүгү сакталышы керек.

7. Технологиялык жабдуулар тапшырылгандай деңгээлде өлчөөчү каражаттар жана технологиялык процесстердин берилген көрсөткүчтөрүн талаптагыдай кармоо жана контролдоо үчүн шаймандар менен камсыз кылынышы керек.

8. Бардык өлчөөчү каражаттарды колдонуунун мыйзамдуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ырасталуусу тийиш.

9. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларда төмөнкүлөрдү колдонууга тыюу салынат:

1) сымап термометрлерди;

2) айнек термометрлерди, ареометрлерди ж.б. ушундай коргоочу алкагы жок өлчөөчү каражаттарды.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-13)
