# 11-берене. Өндүрүш калдыктарынын чогулушуна жана аны жок кылууга

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 11-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-11

---

карата гигиеналык талаптар

1. Таштандыларды чогултуу үчүн кыртышы катуу аянтчаларга орнотулуучу капкактуу темир контейнерлер колдонулат, анын чен өлчөмдөрү контейнерлердин ээлеген аянтынан үч эсе чоң келет. Таштандыларды чогултуу үчүн контейнерлер өндүрүштүк жана көмөкчү имараттардан окчунураак жайгаштырылат.

2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканада курт-кумурскалардын жана кемирүүчүлөрдүн болушуна жол берилбейт. Курт-кумурскалардын жана кемирүүчүлөрдүн пайда болушунун алдын алуу үчүн ал аймакта, өндүрүштүк, кампалык жана көмөкчү имараттарда санитардык тартип сакталышы жана мезгил-мезгили менен дезиштетүү жүргүзүү керек.

3. Контейнерлерге белги коюлуп жана аларды таза кармоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылынгыдай жана аларга жаныбарлардын түшүп калышын болтурбагыдай коюлушу керек.

4. Өндүрүш таштандыларын атайын бөлүнгөн жерге ташып чыгуу тамак-аш азыктарын өндүрүүчүнүн атайын жабдылган унаасы же таштандыларды чыгаруу боюнча ишкананын адистешкен унаасы менен келишимдик негизде жүзөгө ашырылышы керек.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-12)
