# 10-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын

- Документ: [Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203896)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4826/edition/629313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203896/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламент, 10-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-10

---

жайгашуусуна карата гигиеналык талаптар

1. Технологиялык операциялардын мүнөзүнө жана аларга байланыштуу тобокелдиктерге жараша тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын имараттары менен жайлары, жабдуулар жана техникалык каражаттар төмөнкүлөрдү эске алуу менен жайгаштырылышы, долбоорлонушу жана курулушу керек:

1) тамак-аш азыктарын өндүрүүдө булгануунун деңгээли керектөөчүлөрдүн ден соолугу үчүн коркунуч келтирбегидей төмөн болушу;

2) долбоор жана пландаштыруу инженердик коммуникацияларды техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө мүмкүндүк бергидей болуусу;

3) тамак-аш азыктарына тийиштүү пайдалануудагы капкактар жана материалдар ууландырбагыдай жана иштетүүнү жана тазалоону жеңил жүргүзүүгө мүмкүндүк бергидей болуусу;

4) температураны, нымдуулукту жөнгө салуу жана башка чараларды камсыз кылуу үчүн техникалык каражаттардын болушу;

5) кемирүүчүлөрдөн жана башка зыянкечтерден коргоонун натыйжалуу болушу.

2. Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларды жайгаштыруу жөнүндө чечимди кабыл алууда мүмкүн болуучу булгануу булактарын эске алуу зарыл. Ишканалар бардык коргонуу чараларын жүргүзгөндөн кийин деле коркунуч сакталып калуучу жерлерде жайгаштырылбашы керек.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203896/st-11)
