# 1-берене

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203895)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 1-июнундагы № 87 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203895/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4825/edition/451770/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203895/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (01.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203895/st-1

---

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 3-статьянын үчүнчү абзацында "параолимпиадалык" деген сөз "паралимпиядалык" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте дене тарбия ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоо;

- белгиленген тартипте спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүү;

- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоо жана контролдоо.".

3. 8-статьянын 3-бөлүгүндөгү "жана контролдогон" деген сөздөр алып салынсын.

4. 11-статьяда:

аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "Параолимпиадалык кыймыл" жана "Параолимпиадалык оюндарга" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Паралимпиадалык кыймыл" жана "Паралимпиадалык оюндарга" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндөгү "параолимпиадалык" деген сөз "паралимпиадалык" деген сөзгө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203895/st-2)
