Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 1-июну № 87 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статьянын үчүнчү абзацында "параолимпиадалык" деген сөз "паралимпиядалык" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте дене тарбия ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоо;
- белгиленген тартипте спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүү;
- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоо жана контролдоо.".
3. 8-статьянын 3-бөлүгүндөгү "жана контролдогон" деген сөздөр алып салынсын.
4. 11-статьяда:
аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "Параолимпиадалык кыймыл" жана "Параолимпиадалык оюндарга" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Паралимпиадалык кыймыл" жана "Паралимпиадалык оюндарга" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндөгү "параолимпиадалык" деген сөз "паралимпиадалык" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүүнүн тартибин бекитсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
Шилтеме берет (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36