# 4-берене. Аны маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш азыктарынын аталышы

- Документ: [Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203894)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 86 "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4824/edition/629309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203894/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент, 4-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-4

---

1. Маркалоодо көрсөтүлгөн тамак-аш азыгынын аталышы тамак-аш азыгын мүнөздөөчү жана керектөөчүгө башка тамак-аш азыгынан айырмалоого мүмкүндүк берүүчү так маалыматты камтууга тийиш.

2. Тамак-аш азыгынын аталышын көрсөткөндө тамак-аш азыктарынын түрлөрүнүн техникалык регламенттеринин тийиштүү талабы сакталышы керек.

3. Тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнүн техникалык регламенттери жок болсо, тамак-аш азыктарынын аталышы тийиштүү стандартташтыруу боюнча нормативдик документтерге ылайык көрсөтүлүшү керек.

4. Тамак-аш азыгынын айырмалоочу жагдайлары жана атайын иштетилгендиги жөнүндө маалыматтар ("концентирленген", "калыбына келтирилген", "кургак", "майдаланган", "ышталган", "буулап тазаланган", "иштетилген", "муздатылган", "тоңдурулган", "генетикалык модификацияланган", "иондоштуруп нурланган" жана башкалар) тамак-аш азыгынын аталышына кошулат.

5. Тамак-аш азыктарын маркалоодо төмөнкүлөргө жол берилбейт:

1) тамак-аш азыктарынын аталышындагы, эгерде аны кайра иштетүүдө ошол компоненттер же продуктылар тамак-аш азыгынын курамына кирбесе, компоненттерди көрсөтүүгө;

2) ар кандай тамак-аш азыктарына бир аталыш берүүгө.

6. Ошол азыкта жок компоненттердин бар экенин жымсалдаган жыпар-жыт берүүчүлөр кошулса, тамак-аш азыгынын аталышы "даамдуу", "жыпар-жыттуу", "жыпар-жыт берүүчүлөр" деген же ушуга окшош сөздөр менен толукталышы керек.

7. Жогоруда баяндалган талаптарга ылайык түшүрүлгөн азыктын аталышы фирмалык аталыш, анын ичинде латын алфавитинин тамгасындагы жазылуу менен даярдалган жери, азыкты даярдоочунун аталышы жана башка фирмалык марка (белги) түшүрүлүп, толукталышы мүмкүн.

8. Тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнүн техникалык регламенттери тамак-аш азыгынын аталышына кошумча талаптарды белгилеши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-5)
