# 3-берене. Тамак-аш азыктарын маркалоонун жалпы принциптери

- Документ: [Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203894)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 86 "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4824/edition/629309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203894/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент, 3-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-3

---

1. Тамак-аш азыктарынын курамы, касиеттери, азыктык баалуулугу, чыгарылган жери, даярдоо жана керектөө ыкмасы, ошондой эле анын коопсуздугун түз же кыйыр түрдө мүнөздөөчү башка маалыматтары боюнча керектөөчүнү адаштырууга алып келүүнү алдын алуу максатында керектөөчү үчүн маалымат өтө түшүнүктүү, толук жана туура болууга тийиш.

2. Даярдоочу (сатуучу) керектөөчүгө алардын туура тандоо мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн тамак-аш азыктары жөнүндө зарыл жана так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.

3. Керектөөчү үчүн маалымат керектөө идишиндеги текст, шарттуу белгилер жана сүрөттөр, тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрү үчүн кабыл алынган ыкмадагы этикетка, контрэтикетка, кольеретка, ярлык, каттама-баракча түрүндө түздөн-түз тамак-аш азыгы менен бирге берилет.

4. Керектөөчү үчүн маалыматтын тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылат. Текст жана жазуулар чет тилдерде да кайталанып жазылышы мүмкүн. Текст жана жазуулар азык жөнүндө маалымат берилген ошол тилдин нормаларына дал келиши керек. Керектөөчү үчүн импорттук тамак-аш азыктарына маалымат мамлекеттик тилге которулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-4)
