3-берене. Тамак-аш азыктарын маркалоонун жалпы принциптери
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Тамак-аш азыктарынын курамы, касиеттери, азыктык баалуулугу, чыгарылган жери, даярдоо жана керектөө ыкмасы, ошондой эле анын коопсуздугун түз же кыйыр түрдө мүнөздөөчү башка маалыматтары боюнча керектөөчүнү адаштырууга алып келүүнү алдын алуу максатында керектөөчү үчүн маалымат өтө түшүнүктүү, толук жана туура болууга тийиш.
2. Даярдоочу (сатуучу) керектөөчүгө алардын туура тандоо мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн тамак-аш азыктары жөнүндө зарыл жана так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.
3. Керектөөчү үчүн маалымат керектөө идишиндеги текст, шарттуу белгилер жана сүрөттөр, тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрү үчүн кабыл алынган ыкмадагы этикетка, контрэтикетка, кольеретка, ярлык, каттама-баракча түрүндө түздөн-түз тамак-аш азыгы менен бирге берилет.
4. Керектөөчү үчүн маалыматтын тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылат. Текст жана жазуулар чет тилдерде да кайталанып жазылышы мүмкүн. Текст жана жазуулар азык жөнүндө маалымат берилген ошол тилдин нормаларына дал келиши керек. Керектөөчү үчүн импорттук тамак-аш азыктарына маалымат мамлекеттик тилге которулууга тийиш.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203894/st-3" title="3-берене - Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>