24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 6 айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
"Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме
Тамак-аш азыктарын топтору боюнча маркалоо
1. Балдардын тамак-ашы үчүн азыктар
Азыктын аталышы азыктын балдар тамак-ашына арналгандыгын чагылдырууга тийиш. Ал негизги ингредиентке шайкеш келип, азыктын консистенциясын чагылдырышы керек. Бир жаштагы балдардын тамактануусуна арналган сүт азыктарынын жана эне сүтүн алмаштыруучулардын аталышында "эненин сүтүнө жакын" деген терминди колдонууга жол берилбейт. Балдар тамак-ашы үчүн азыктардын маалыматында төмөндөгүлөр белгиленет:
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы же көлөмү;
- азыктын курамы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери (алар колдонулса);
- азыктык баалуулугу;
- витаминдерди, минералдык заттарды камтышы (алар кошулса);
- керектөө таңгакчасын ачканга чейин жана аны ачкандан кийинки сактоо шарты;
- жарактуулук мөөнөтү;
- даярдоо ыкмасы (зарыл учурларда);
- даярдоо датасы жана таңгактоо датасы;
- колдонуу багыты жана шарты (зарыл учурларда);
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат;
- азыкты ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документинин көрсөтүлүшү.
Эненин сүтүн алмаштыруучу азыктар үчүн керектөө идишине эмчек эмизүүнүн артыкчылыгы жана врач тарабынан тамактандыруу схемасын дайындоонун зарылдыгы жөнүндө маалымат жазылат. Ага баланын сүрөтүн тартууга жол берилбейт. Балдарды тамактандыруу үчүн керектөө идишине тамактандыруу сунуш кылынган курак жөнүндө маалымат жазылат. Балдардын тамак-ашы үчүн тамак-аш азыгы бар консерва банкаларына азыктын даярдалган датасы (күнү, айы, жылы) жазылышы керек.
2. Эт жана эт азыктары
2.1. Малдын бутун, жарым жана чейрек эти
Эттин жана аны кайра иштетүүдөн алынган азыктардын коопсуздугу жаатындагы Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин этке ветеринардык тамга басуу боюнча колдонуудагы талаптарга ылайык сүйрү формадагы ветеринардык тамга басуу аркылуу маркалоо ишке ашырылат.
2.2. Малдын бүтүн, жарым жана чейрек этинен башка азыктардын
бардык аталыштары
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- категориясы, сорту (болсо);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы же көлөмү;
- азыгынын курамы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу;
- даярдоо жана таңгактоо датасы;
- сактоо шарты;
- жарактуулук мөөнөтү;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Маалыматтын мазмунуна кошумча талаптар: оролгон эт:
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган);
- сорту;
блоктордо тоңдурулган эт жана субпродуктулар:
- категориясы (субпродуктулар үчүн), сорту (болсо);
субпродуктулар:
- категориясы;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган);
жарым фабрикаттар, кулинардык азыктар:
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган);
- даярдоо же таңгактоо даталары;
- даяр тамактарды даярдоо боюнча сунуштар;
колбаса азыктары жана эттен жасалган продуктулар:
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган);
- аба кирбегендей таңгакталган (аба кирбеген таңгакчада болсо);
- азыктын айырмаланган өзгөчөлүгү жана атайын иштетилиши тууралуу маалымат.
Жасалма кабыкчадагы колбаса азыктарына маалыматты жарым-жартылай же толук түрдө кабыкчага жазууга жол берилет; эт жана эт өсүмдүк консервалары:
- эт жана май үлүштөрү, субпродуктулар, өсүмдүк тибиндеги компоненттер (эт өсүмдүк консервалары үчүн). Паштет, фарш, сүрсүтүлгөн эт консервалары, эт кошулган каша жана башка бир турдүү, эт жана май үлүштөрү, субпродуктулар, өсүмдүк тибиндеги компоненттер кошулуп майдаланган продуктулар үчүн рецептурага ылайык салуу боюнча көрсөтүлөт;
- колдонууга даярдоо ыкмасы (колдонуу алдында атайын иштетүүнү талап кылуучу консервалар үчүн);
- банкалардын капкагында же түбүндө (ламинацияланган алюминий фольгасынан жасалган банкалар үчүн) консерваларды даярдоо датасы (күнү, айы, жылы) жазылат;
- Кыргыз Республикасында даярдалган эт жана эт өсүмдүк консервалары үчүн даярдоочу ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маркалайт.
Ламинацияланган алюминий фольгасынан жасалган банкаларга консервалардын акыркы сактоо мөөнөтү (күнү, айы, жылы) кошумча жазылат. Азыкты айнек идиштерге салганда маалымат этикеткага жана/же айнекке жана/же капкагына жазылат.
3. Канаттуулар эти, жумуртка жана аларды
кайра иштетүүдөн алынган азыктар
3.1. Канаттуунун бүтүн эти (керектөө идишине салынбаган)
Жамбашынын сырткы бетине басылган же бутуна байланган этикетка түрүндөгү товардык тамга (сорту же категориясы) менен маркаланат. Канаттуулардын союлган бүтүн эти керектөө идишине салынбаган идиштеги маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт:
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- канаттуунун түрү жана курагы (мисалы, "тоок" же "жөжө", "өрдөк" же "балапан" ж.б.);
- бүтүн эттин саны;
- нетто жана брутто массасы;
- сорту же категориясы (болсо);
- "мамлекеттик ветеринардык көзөмөл" деген жазуу;
- канаттуунун эти, бүтүн эти келген өлкөнүн же жердин аталышы;
- даярдоо датасы жана таңгактоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- бүтүн этти бөлүү ыкмасы (ичин жаруу, ичеги-кардын жарым-жартылай алуу, ичеги-кардын жана моюн комплексин алуу);
- пленка менен оролгон (эгерде эт пленка сымал агенттер менен оролсо);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери (алар колдонулса);
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
3.2. Бүтүн, жарым жана чейрек түрүндө керектөө идишине салынган
канаттуулар эти
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- канаттуулардын түрүн жана курагын кошо алганда (мисалы, "тоок", "жөжө", "өрдөк", "балапан") азыгынын аталышы (бүтүн, жарым эти, рагу, жамбаш эти, моюну, канаты ж.б.);
- сорту жана категориясы (болушуна жараша);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- этти бөлүү ыкмасы (ичин жаруу, ичеги-кардын жарым-жартылай алуу, ичеги-кардын жана моюн комплексин алуу);
- тамак-ашка азыктык кошулмалар, ароматтар, биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы тамак-аш азыктары, генетикалык модифицирленген организмдер (алар болсо);
- коргоо кабыкчалары, көндүм эмес курамдагы консерванттар, тамак-аш азыктары;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган, жеңил тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- нетто массасы (бүтүн эт үчүн нетто массасы керектөө идишинин ар биринде же транспорт тарасынын ар биринде оролгон эттин нетто массасы көрсөтүлөт);
- даярдоо датасы же таңгактоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
3.3. Бөлүнгөн канаттуулар эти (бүкүлөй жана кол менен бөлүү, анын
ичинде блоктордо тоңдуруу)
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- канаттуунун түрүн жана курагын кошо алгандагы азыктын аталышы;
- азыктык баалуулугу;
- сорту (болсо);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган, жеңил тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- даярдоо датасы же таңгактоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- нетто, брутто массасы;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
3.4. Канаттуулар этинин субпродуктулары
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- канаттуунун түрүн жана курагын кошо алганда азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы;
- даярдоо датасы же таңгактоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган, жеңил тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
3.5. Канаттуулар этинен жасалган жарым фабрикаттар

- тамактарды даярдоо боюнча сунуштар;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
3.6. Канаттуулар этинен жасалган колбаса жана кулинардык азыктар
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- сорту (болсо);
- канаттуунун түрүн жана курагын кошо алганда азыгынын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- оролгон азыктар үчүн нетто массасы;
- термикалык абалы (муздатылган, тоңдурулган, жеңил тоңдурулган же өтө тоңдурулган);
- азыктын курамы;
- азыктык баалуулугу;
- аба кирбегендей таңгактоо ыкмасы (аба кирбегендей ыкма болсо);
- даярдоо датасы же таңгактоо датасы;
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Жасалма кабыкчадагы колбаса азыктарына маалыматты (жарым-жартылай же толугу менен) түздөн-түз кабыкчасына жазууга жол берилет.
3.7. Канаттуулардын түрү боюнча бышырылган майлар
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркировкаланат:
- майдын аталышы жана сорту;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы;
- азыктык баалуулугу;
- даярдоо датасы же таңгактоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
3.8. Азыктык жумуртка (канаттуулардын түрү боюнча)
Керектөө идишине салынбаган жумурткага маалыматта төмөнкүлөр камтылат:
- түрү жана категориясы;
- диетикалык жумурткалар үчүн даярдалган датасы (сорттоо датасы).
Керектөө идишине салынган жумуртка төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- түрү жана категориясы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- жумурткалардын саны;
- сорттолгон датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азыкты ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Идишке көрсөтүлгөн маалымат менен этикетка чапталган шартта керектөө идишине салынган жумурткага маркировка койбой койсо болот. Этикетка керектөө идишин ачканда айрылып кете тургандай чапталат. Азыкка башка маалымат менен, анын ичинде азыкты, өндүрүүчүнү жарлыктап мүнөздөгөн маалымат менен коштоп, ошондой эле штрих кодун койсо болот. Ташуу идишинин ар бир таңгактоо бирдигинин эки капталына төмөнкүдөй маркировка менен этикетка чапталат:
- азыктын аталышы;
- түрү жана категориясы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- жумурткалардын саны;
- сорттолгон датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
3.9. Керектөө идишиндеги жумуртка азыктары
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- эгерде азык тийиштүү иштетилген болсо иштетүү ыкмасы (ысытып тазалоо, кычкылдантуу, кантсыздандыруу ж.б.);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы;
- азыгынын курамы;
- азыктык баалуулугу;
- консерванттар, азыктык жана башка кошулмалар (алар колдонулса);
- даярдоо датасы же таңгактоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
4. Сүт, сүт азыктары жана сүт кошулган азыктар
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы (термикалык иштетүүнү колдонгондо керектөө идишине салаарда жана/же салгандан кийин аны термикалык иштетүү ыкмасы көрсөтүлөт);
- сүт кошулган азыктар үчүн майдын массалык үлүшүнүн мааниси пайыз менен (сыр жана май менен оймолонгон балмуздак үчүн көрсөтүлбөйт);
- сорту (болсо);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын нетто массасынын же көлөмүнүн мааниси;
- азыктын курамы.
Уютулган ширенин курамына кирүүчү ингредиенттер жалпысынан ингредиенттердин тизмесинде саналат:
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу. Көмүртектердин санынан тышкары курамында канты бар азыктардын азыктык баалуулугу жөнүндө маалыматта 100 г (мл, куб.см) азыкта канттын камтылышы көрсөтүлөт;
- сактоо шарты;
- даярдоо датасы, жарактуулук мөөнөтү "... жарактуу" (саат, сутка, ай) деп же жарактуулук мөөнөтү гана "... чейин жарактуу (балмуздактан тышкары) деп берилет;
- сактоо мөөнөтү (балмуздак үчүн);
- даяр тамактарды даярдоо ыкмалары жана шарттары (сүт жарым фабрикаттары жана концентраттар үчүн);
- колдонуу шарты. Дарылоо-профилактикалык, геродиетикалык азыктар үчүн жана спецификалык кесиптик жана спорттук жүктү аркалаган адамдардын тамактануусу үчүн гана көрсөтүлөт; зарыл учурларда терс жактары көрсөтүлөт;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Сүт жана сүт кошулуп консерваланган жана кургак азыктар: 5-пунктка төмөнкүдөй кошумча маалымат жазылат:
- жарактуулук мөөнөтү үчүн. Эгерде жарактуулук мөөнөтү "...чейин жарактуу" же "... чейин колдонулат" деген сөздөр менен берилсе, алардын катарына "банканын капкагындагы биринчи (экинчи) катарды кара" же "кутучанын төмөнкү клапанын кара" деп көрсөтүлөт;
эгерде жарактуулук мөөнөтүндө "... ичинде жарактуу" же "... ичинде сатылат" деп берилсе, анын катарында "даярдоо датасы банканын капкагында" же "даярдоо датасы банканын капкагындагы биринчи (экинчи) катарда көрсөтүлгөн" же "даярдоо датасы кутучанын төмөнкү клапанында көрсөтүлгөн" деп жазылат;
- банканын капкагында, же түбүндө, же кутучанын төмөнкү жагында консерваларды даярдоонун датасы же жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшүнүн датасы (күнү, айы, жылы) жазылат.
Кыргыз Республикасында даярдалган азыктар үчүн белгиленген тартипте банкада ассортименттик номери, сүт өнөр жайынын индекси, даярдоочу ишкананын номери көрсөтүлөт. Быштак азыктары: 5-пунктка төмөнкүдөй кошумча маалымат берилет:
- майдын салмактын үлүшүнүн мааниси пайыз менен (кургак затка эсептегенде);
- быштакка белгиленген тартипте сүт азыктары менен аралаштырууга уруксат берилген, зыянсыз боегу чыкпаган маалымат жазылат.
Эскертүү: даярдалган датасы быштак бышып бүткөн мөөнөт аяктаган күндөн тартып эсептелет. Бышырыла баштаган дата даярдоо датасы деп эсептелбейт. Порция боюнча салынган быштакка, 5-пунктка төмөнкүдөй кошумча маалымат берилет:
- бышып жетилген азык катары быштактын даярдалган күнү;
- сатуу үчүн порцияга салынып таңгакталган күнү;
- сактоо мөөнөтү.
5. Балык, балык эмес өнөр жай азыктары жана
алардан жасалган азыктар
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркировкаланат:
- азыктын аталышы (товардык же биологиялык);
- кайсы өнөр жайга тийиштүү экендиги азыктын аталышында көрсөтүлүшү мүмкүн (маселен "Тынч океан сельди", "Ыраакы чыгыш навагасы");
- балыктын узундугу жана массасы (чоң, орто же майда);
- бөлүнгөн түрү (башы жогу, ичеги карды алынган, катмар, кичинеден кесилген ж.б.);
- иштетилген түрү (туздуу, ышталган, кургатылган);
- туздуулук деңгээли (аз туздалган, бир аз туздалган, орточо туздалган, өтө туздалган);
- сорту (сорту болсо) же категориясы (тоңдурулган балык филеси үчүн);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы (капкагы жылдырылуучу банкалардагы осетр балыгынын икрасынан тышкары);
- азыктык баалуулугу (балыктан башка), витаминдерди камтышы (витаминдештирилген продуктулар үчүн);
- сактоо шарты;
- тирүү жана тоңдурулган балыктарды, балык эмес өнөр жай объекттерин, ошондой эле майларды сактоо мөөнөтү;
- жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин багыты боюнча пайдаланууга жараксыз деп эсептелүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген товарлардын тизмесине кирген тамак-аш азыктары үчүн жарактуулук мөөнөтү;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- даярдоо датасы же таңгактоо даталары;
- азыктын курамы, анын ичинде азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат;
- даяр тамактарды жасоо ыкмасы (жарым фабрикаттар үчүн);
- аба кирбегендей таңгактоо ыкмасы (ушундай оролсо).
Кайсы өнөр жайга тийиштүү экендиги, балыктын узундугу жана көлөмү, бөлүнгөн түрү, иштетилген түрү, туздуулук деңгээли, азыгынын курамы, даярдоо жана/же колдонуу ыкмасы жөнүндө маалымат, таңгактоо датасы конкреттүү азыктарга тийиштүү документтерде мындай талаптар бар болсо, эгерде ошого ылайык азыктар даярдалса, көрсөтүлөт.
5.1. Балык консервалары жана пресервдер жана деңиз азыктары
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
тоңдурулган сырьедон туздалган лосось икрасын жана балыктын боорунан накта консерваларды даярдоодо "тоңдурулган сырьедон даярдалган" деп көрсөтүлөт;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги).
Системасына даярдоочу кирген уюмду жана анын жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) көрсөтүүдө даярдоочунун аталышын көрсөтпөй коюуга жол берилет;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- сорту (болсо);
- нетто массасы;
- даярдоо датасы;
- жарактуулук мөөнөтү;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- азыктык баалуулугу (азыкта 0,1 мг ашуун В1 жана В2 жана РР- 100 г 2,0 мг ашуун витаминдери бар консервалар менен пресервдер жана деңиз азыктары үчүн витаминдердин камтылышы көрсөтүлөт);
- чогуу таразага тартылып сатылуучу чоң идиштеги пресервдер үчүн тузлуксуз балык салмагы;
- сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылуучу азыктар үчүн сактоо шарты (мисалы, пресервдер үчүн этикеткада чоң тамгалар менен "пресервдер ... айга чейин ... температурада сакталат" деп көрсөтүлүүгө тийиш);
- сактоо ыкмасы (зарыл болсо);
- азыктын курамы;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Кыргыз Республикасында даярдалган азыктар үчүн белгиленген тартипте банкада даярдоо датасы жана жарактуулук мөөнөтү, ассортименттик номери, тармактын индекси, даярдоочу ишкананын номери көрсөтүлөт.
6. Буудай данынан кайра иштетилген азыктар (ун, акшак,
кебек, талкан, тамак-аш бөлүкчөлөрү)
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы (мисалы, ун үчүн: "кара буудай", "күрүч", "арпа", "жүгөрү", "гречка", "буудай наны" ж.б.);
- сорту же номери (болсо);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы;
- азыктын курамы (бир компоненттүү азыктардан тышкары);
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- "байытылган" деген сөз баш тамгалар менен байытылган витаминдик-минералдык жана минералдык кошумчалар менен жогорку жана биринчи сорттогу нан бышыруучу буудай уну үчүн;
- азыктык баалуулугу;
- даярдоо датасы;
- сактоо шарттары;
- сактоо мөөнөтү;
- жүгөрү акшагы, буудай, күрүч жана геркулес үчүн жарактуулук мөөнөтү;
- ага ылайык даярдалган жана азык окшош болгон документтин аталышы;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Мындай маалыматтар каптарга тигилген ярлыктарга жазылат.
7. Нан токоч азыктары
7.1. Бирден оролгон жана таңгакталган нан токоч азыктары
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы;
- азыктын курамы;
- азыктык баалуулугу;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- витаминдерди камтышы (витаминдештирилген азыктар үчүн), клетчаткалар, тамак-аш заттары жана багытын эске алуу менен атайын азыктар үчүн башка компоненттер;
- даярдоо датасы же таңгактоо датасы;
- сактоо мөөнөтү;
- жарактуулук мөөнөтү (тегерек жана кургатылган токочтор, соломка, кырсылдак нан, кесинди нан үчүн);
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
7.2. Оролбогон нан токоч азыктары:
Соода залына илинген маалыматтык такчада төмөнкүдөй мазмундагы маалымат камтылууга тийиш:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- нетто массасы;
- азыктын курамы;
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу;
- витаминдерди камтышы (витаминдештирилген азыктар үчүн), клетчаткалар, тамак-аш заттары жана багытын эске алуу менен атайын азыктар үчүн башка компоненттер;
- даярдоо сааты жана датасы;
- сатуу мөөнөтү;
- жарактуулук мөөнөтү (пирогдор, пирожкилер, боорсоктор үчүн);
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
8. Макарон азыктары
Керектөө идишине салынган макарон азыктары
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркировкаланат:
- азыктын аталышы (көрүнүп туруучу ороочу материалдан жасалган керектөө идишине азыктын аталышы "макарон азыктары" деген сөз менен жазууга жол берилет);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- нетто массасы;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын курамы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- азыктын тобу, классы (сорту);
- даярдоо датасы же таңгактоо датасы;
- сактоо мөөнөтү;
- даярдоо ыкмасы;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Ташуучу идишке салынган жана чекене соодада таразага тартылуучу макарон азыктары үчүн жогоруда көрсөтүлгөн маалымат соода залында ташуучу идишке жана азыкка жакын жерге жайгашуусу керек.
9. Кондитер азыктары жана сагыздар
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- нетто массасы;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын курамы. Азыктардын ар кандай түрлөрүнөн жана аталыштарынан турган кондитердик топтомдор үчүн ушул топтомго кирген бардык азыктардын ингредиенттеринин жалпы курамы көрсөтүлөт (ар бир азыктын конкреттүү аталышынын курамын көрсөтпөстөн);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу (сагыздан башкасы). Азыктардын ар кандай түрлөрүнөн жана аталышынан турган кондитердик топтомдор үчүн ушул топтомго кирген орточо салмакталган азык-түлүк баалуулугу көрсөтүлөт (ар бир азыктын конкреттүү аталышынын азыктык баалуулугун көрсөтпөстөн);
- сактоо шарты;
- жарактуулук мөөнөтү же сактоо мөөнөтү;
- даярдоо (торттор жана пирожныйлар үчүн - сааты жана датасы) датасы жана таңгактоо датасы;
- даярдоо боюнча сунуштар (какао-порошок жана какао-суусундуктар үчүн);
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Азыктарды иштеп чыгуучу-уюмдун аталышы кошумча жазылышы мүмкүн. Маркалоого кошумча талаптар:
- диабетикалык кондитердик азыктарды:
- 100 г азыкка: ксилит, сорбит жана/же башка татымалдардын, жалпы канттын (кантка кайра эсептөөдө) камтылышы (эсептик);
- ксилит, сорбит жана/же башка татымалдарды керектөөнүн суткалык нормасы - 30 г ашык эмес;
- диабетикалык азыктардын тобуна кирүүчү азыктар үчүн "диабетикалык" деген жазуу;
диетикалык тамак-аш азыктары:
- суткалык дозасы (бир жолку керектөө үчүн даананын саны);
- дайындалган багыты жана колдонуу шарттары.
10. Кант
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- нетто массасы;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктык баалуулугу;
- даярдалган жылы;
- сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Ушундай эле маалымат каптарга тигилген ярлыкка да жазылат. 5тен 20 граммга чейинки нетто массасындагы рафинад-кантынын жана рафинаддалган кумшекердин пакеттеринде төмөнкүдөй маалымат көрсөтүлөт:
- даярдоочунун аталышы;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын аталышы;
- нетто массасы, г;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши.
11. Тамак аш тузу
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- даярдоо ыкмасы жөнүндө маалыматты кошуп алганда азыктын аталышы (кайнатылган, каткан, өзү чөкмө же чөкмө);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- даярдоо датасы же таңгактоо датасы;
- сорту;
- майдаланганы;
- нетто массасы;
- азыктык кошулмалар, (аларды колдонууда бириктирбөөчү, турукташтыруучу жана башка түрлөрү);
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Ушундай эле маалымат каптарга тигилген ярлыкка да жазылат. 1-10 грамм өлчөмүндөгү бир жолку пайдалануудагы туз баштыкчаларында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- азыктын аталышы;
- нетто массасы.
Йоддолгон туз үчүн кошумча маалымат:
- кошулган йоддун формасы (йодат же йодид калий);
- йоду камтышы;
- сунушталган суткалык керектөө нормасы (г);
- жарактуулук мөөнөтү;
- "йоддолгон туздун жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин кадимки тамакка кошулуучу кайнатылган туздай колдонулат" деген жазуу.
Профилактикалык максаттарга колдонулуучу башка кошулмалары бар туз үчүн алардын аталышы жана мааниси, ошондой эле туздун жарактуулук мөөнөтү (болсо) көрсөтүлөт. Бул туздун жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин кадимки тамакка кошулуучу кайнатылган туздай колдонулат.
12. Жашылча-жемиш азыктары жана картошка
12.1. Жаңы салынган жашылча-жемиш азыктары жана картошка
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын нетто массасы же саны;
- сорту: майдаланган - мөмө-жемиш өсүмдүктөрү үчүн, ботаникалык-жашылча өсүмдүктөрү жана картошка үчүн же ампелографиялык - жүзүм үчүн;
- товардык сорту (болсо);
- азыкты иштетүүнүн өзгөчө ыкмаларына көрсөтмө (зарыл болсо);
- жарнамалык мүнөздөгү маалымат (зарыл болсо);
- жыйноо датасы жана таңгактоо датасы;
- далдаланган кыртышта өстүрүлгөн (далдаланган кыртышта өстүрүлгөн тамак-аш продукциялары үчүн);
- сактоо шарты (зарыл болсо);
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
12.2. Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана картошканы кайра
иштетүүдөн алынган, анын ичинде консерваланган азыктар:
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын нетто массасы же көлөмү;
- негизги азыгынын массасы же массасынын үлүшү (ширеде, маринадда, рассолдо, килкилдетип даярдалган азыктар үчүн);
- товардык сорту (болсо);
- азыктын курамы;
- концентрацияланган томат азыктары үчүн эритилүүчү кургак заттардын жашылча жер жемиш бөлүгүнүн (нектарлар жана суусундуктар үчүн) салмактык үлүшү;
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- азыктын азыктык баалуулугу;
- диабетикалык консервалар үчүн татымалдарды камтышы;
- азыкты даярдоо боюнча сунуштар (зарыл болсо);
- сактоо шарты (зарыл болсо);
- даярдоо датасы же таңгактоо датасы (консервалар үчүн даярдоо датасы);
- жарактуулук мөөнөтү;
- кургатылган мөмө-жемиш, жашылча жана картошка үчүн сактоо мөөнөтү;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
13. Тамак-аш концентраттары
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы;
- азыктын составы;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу;
- даярдоо датасы жана таңгактоо датасы;
- даяр тамак даярдоо боюнча сунуштар;
- сактоо шарты (зарыл болсо);
- жарактуулук мөөнөтү же сактоо мөөнөтү;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
14. Чай, кофе, чай жана кофе ичимдиктери, тамак даамдуу
накта азыктар жана кургак татымалдар, жыпар жыт берүүчүлөр жана тамак-аш кошулмалары
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы (чай же кофенин аталышында чыккан жери менен толукталышы мүмкүн, майдаланган чайдын аталышында "майдаланган" деп көрсөтүлөт, тамак-аш уксусунун аталышында ал кайсы заттан: накта тамак-аш үчүн - алмадан, жүзүмдөн же башкадан же синтетикалык заттан даярдалгандыгы);
- эгерде чайды, кофени, чай жана кофе азыктарын даярдоодо жыпар жыттар колдонулса ароматтын аталышы (мисалы, "лимондун даамы бар кара чай");
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- нетто массасы (уксус үчүн - көлөмү);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын курамы (уксус үчүн - 100 куб.см г/массалык концентрациянын мааниси же уксус кислотасынын пайыз менен массалык үлүшү; ароматтар, тамак-аштык жана биологиялык активдүү кошулмалар үчүн көрсөтүлбөйт);
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- даярдоо ыкмасы же колдонуу боюнча сунуштар (зарыл болсо).
Тамак-аш кошулмалары жана жыпар жыт берүүчүлөр үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- сорту (болсо);
- колдонуу багыты жана шарттары-тамак-ашка биологиялык активдүү кошулмалар үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген товарлардын тизмесине киргизилген тамак-ашка биологиялык активдүү кошулмалар, тамак-ашка кошулмалар жана салттуу эмес курамдагы азыктардын ингредиенттери үчүн терс көрсөткүчтөр, алар жөнүндө маалыматтар оорунун айрым түрлөрүнө колдонгондо терс көрсөткүчтөрү жөнүндө билдирүүнү камтууга тийиш;
- даярдоо датасы жана таңгактоо датасы (айы жана жылы);
- куюлган датасы - уксус үчүн;
- жарактуулук мөөнөтү (чай, чай жана кофе азыктары үчүн) же сактоо мөөнөтү (чай, кофе, уксус, тамак-аштык даамдуу накта азыктар жана кургак татымалдар, ароматтар жана азыктык кошулмалар);
- сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- аба кирбегендей таңгактоо жөнүндө маалымат (болсо);
- ылайык келүүсүн тастыктаган маалымат.
Бир-бирден, коргоочу таңгакчада керектөөчүгө сатылуучу, чай, кофе жана алардан жасалган азыктар, тамак-аштык даамдуу накта продуктулар жана кургак татымалдар, ароматтар жана азыктык кошулмалар салынган бир жолку пайдалануучу баштыкчаларга төмөнкүдөй маалыматтар жазылат:
- даярдоочунун аталышы;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын аталышы;
- нетто массасы;
- сорту (болсо);
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши.
15. Майлуу азыктар
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- азыктын нетто массасы же көлөмү;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- азыктын курамы;
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыгынын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу, витаминдерди камтышы (витаминдештирилген азыктар үчүн);
- жарактуулук мөөнөтү;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
Кошумча иштеп чыгуучу менен макулдашуу боюнча даярдоо рецептурасын жана/же технологиясын иштеп чыгуучу уюмдун аталышы жазылышы мүмкүн. Маалыматтын мазмунуна кошумча талаптар: өсүмдүк майы:
- аталышы. Май аралашмасы үчүн төмөнкүдөй аталышты колдонууга жол берилет: "өсүмдүк майы" же фирмалык аталышы;
- салмактык үлүшүн чыгарып салуу тартибинде бардык өсүмдүк майынын тизмеси (май аралашмасы үчүн);
- маркасы (болсо);
- сорту (болсо);
- даярдоо датасы (азыктын керектөө идишине куюлган датасы);
- даярдоо датасы (азыкты бочкаларга, флягага, цистерналарга, бактарга, контейнерлерге куюу датасы);
майонездер:
- майдын салмактык үлүшү;
- даярдоо датасы;
- сактоо температурасы;
маргарин, маргарин азыктары, спреддер:
- сорту (болсо);
- майдын салмактык көлөмү, анын ичинде курамында майлуу фазанын кеминде 10% болушунда каймак майынын салмактык үлүшү;
- даярдоо датасы;
- сактоо температурасы.
16. Шарап чыгаруучу продуктулар
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- куюучу ишкананын аталышы;
- куюлган датасы же жол-жоболоштурган датасы (бөтөлкө ыкмасында алынган шампан, коллекциялык, маркалык, бөтөлкөлөрдө көпкө турган шараптар);
- көлөмү;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- этил спиртинин көлөмдүк үлүшү;
- канттардын салмактык концентрациясы (кургак шарап, коньяк, бренд, кальвадостордон тышкары), шампан жана шуулдак, ароматтуу шарап жана сидрлар үчүн-кантты камтышы боюнча аталышы. Шуулдак шараптар үчүн кант кошулушу боюнча аталышы канттардын салмактык концентрациясын көрсөтүү менен алмаштырылышы мүмкүн. Таттуу аромат шараптар үчүн кошумча канттын салмактык концентрациясы көрсөтүлөт;
- сактоо шарты;
- жыпар жыт берүүчүлөрдүн, даамдуу заттардын жана боектордун аталышы (бренди, шарап ичимдиктери жана коктейль үчүн). Ароматтардын, даамдуу заттардын тизмеси даярдоочу тарабынан аныкталат. Брендилер үчүн тамак-аш сырьесунан ректификацияланган этил спиртинин болушу көрсөтүлөт; шарап ичимдиктери жана коктейл үчүн - тамак-аш сырьесунан ректификацияланган этил спиртинин жана суунун болушу;
- түшүм алынган жыл (шараптар үчүн чыккан жери, бир жылдагы жүзүмдүн түшүмүнөн даярдалган коллекциялык, маркалык, көпкө сакталган шараптарды көрсөтүү менен);
- коньяктар үчүн коньяк спирттеринин жана кальвадостор үчүн кальвадос спирттеринин орточо курагы;
- шарап ичимдиктери, коктейль жана башка шарап чыгаруучу продуктулар үчүн жарактуулук мөөнөтү, 10%дан азыраак этил спиртинин көлөмдүк үлүшү;
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
Акциздик алымдардын маркасы же дүкөндөрдө алымсыз соодалоо аркылуу сатуу үчүн арналган атайын маркалар менен маркаланууга жаткан продуктулар үчүн этикеткасында жана контрэтикеткасында "алымсыз соодалоочу дүкөндө сатуу үчүн гана" деп көрсөтүлөт.
17. Алкоголсуз, алкоголдук, пиво азыктары
17.1. Алкоголсуз суусундуктар жана ширелер
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыгынын аталышы жана анын тиби;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- көлөмү;
- куюлган датасы;
- жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;
- спиртти камтышы (даяр продуктуда этил спиртинин 0,2%дан ашуун көлөмдүк үлүшүндө);
- азыктын курамы; даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы (негизги ингредиенттердин тизмесин даярдоочу аныктайт), ошондой эле азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
Кошумча төмөнкүдөй жазуулар болушу мүмкүн:
- суусундукту иштеп чыгуучу уюмдун аталышы;
- суусундуктун негиздеринин кыскача мүнөздөмөсү;
- ушул продуктуга тиешелүү "муздак ичкиле" деген жана башка маалыматтык жана жарнамалык мүнөздөгү жазуулар болушу мүмкүн.
17.2. Алкоголдук эмес суусундуктардын концентраттары жана
концентрацияланган негиздери
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы же көлөмү;
- даярдалган же куюлган датасы;
- даяр суусундуктарды даярдоо боюнча сунуштар;
- сактоо мөөнөтү жана шарты;
- "кургак, салкын жерде сакталат" деген жазуу (кургак концентраттар үчүн);
- азыктык баалуулугу;
- концентраттын курамы, даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы (негизги ингредиенттердин тизмесин даярдоочу аныктайт);
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
Ушул продуктуга тиешелүү рецептураны иштеп чыгуучу уюмдун аталышы жана башка маалыматтык, жарнамалык мүнөздөгү кошумча жазуулар болушу мүмкүн.
17.3. Алкоголдук ичимдиктердин концентраттары жана
концентрацияланган негиздери
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы же көлөмү;
- куюлган датасы;
- даяр ичимдиктерди даярдоо боюнча сунуштар;
- курамы, даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы (негизги ингредиенттердин тизмесин даярдоочу аныктайт);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- этил спиртинин көлөмдүк үлүшү;
- жарактуулук мөөнөтү (10%тен азыраак этил спиртинин көлөмдүк үлүшү бар продуктулар үчүн) же сактоо мөөнөтү;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
Ушул продуктуга тиешелүү рецептураны иштеп чыгуучу уюмдун аталышы жана башка маалыматтык жана жарнамалык мүнөздөгү кошумча жазуулар болушу мүмкүн.
17.4. Пиво
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- кайнатыла баштаганда ширенин экстрактивдүүлүгүнүн өлчөмү пайыз менен (даамдуу жана жыттуу кошумчалары бар алкоголсуз пиво жана атайын пиво);
- этил спиртинин көлөмдүк үлүшүнүн минималдуу чоңдугу (алк... %тен кем эмес, көлөмү же спирт ... %тен кем эмес.");
- куюлган датасы;
- пивону даярдоодо колдонулган негизги сырьенун курамы;
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдык азыктын ингредиенттери;
- жарактуулук мөөнөтү;
- сактоо шарты;
- көлөмү;
- азыктык баалуулугу;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
Ушул продуктуга тиешелүү рецептураны иштеп чыгуучу уюм, ошондой эле азыкты, даярдоочуну жана заказчыны мүнөздөөчү башка маалыматтык жазууларга жол берилет.
17.5. Угуттуу суусундуктар, дан сырьесунан жасалган суусундуктар,
алкоголу аз ичимдиктер
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- ичимдиктин тиби (алкоголу аз ичимдиктер үчүн);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- куюлган датасы (сактоо мөөнөтү белгиленген продукциялар үчүн);
- жарактуулук мөөнөтү (10%тен азыраак этил спиртинин көлөмдүк үлүшү бар продуктулар үчүн) же сактоо мөөнөтү;
- сактоо шарты;
- көлөмү;
- этил спиртинин көлөмдүк үлүшү;
- суусундуктун курамы. Даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы (негизги ингредиенттердин тизмесин даярдоочу аныктайт);
- азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес составдагы азыгынын ингредиенттери;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мумкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
Акциздик алымдардын маркасы же дүкөндөрдө алымсыз соодалоо аркылуу сатуу үчүн арналган атайын маркалар менен маркаланууга жаткан продуктулар үчүн этикеткасында жана контрэтикеткасында "алымсыз соодалоочу дүкөндө сатуу үчүн гана" деп көрсөтүлөт. Ушул продуктуга тиешелүү маалыматтык мүнөздөгү кошумча жазуулар болушу мүмкүн.
18. Ичүүчү жаратылыш суусу
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркировкаланат:
- азыктын аталышы;
- түрү (артезиан, булак);
- тиби (газдалган, газдалбаган);
- булак суусунун аталышы жана жайгашкан жери (суунун аталышына кириши мүмкүн), скважинанын номери;
- категориясы;
- жалпы минералдаштыруу (мг/л);
- конкреттүү тамак-аш азыгын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү негизги аниондорду жана катиондорду камтышы (мг/л), (даярдоочу аныктайт);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- номиналдык көлөмү;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- куюлган датасы;
- жарактуулук мөөнөтү;
- сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
Маркалоода калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жагындагы мамлекеттик орган менен макулдашылган, балдардын тамак-ашын даярдоо үчүн ичүүчү суунун жарактуулугу жөнүндө маалыматты жазууга жол берилет. Ооруларды дарылоого байланышкан жаратылыштык ичүүчү суунун терапиялык таасирин көрсөтүүчү белгилерди колдонууга, ошондой эле ушул ичүүчү суунун касиетине дал келбеген жана ичүүчү суунун аныктыгына кепилдик бербеген маалыматтарды жазууга жол берилбейт.
19. Жаратылыштык минерал суусу
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- суу булагынын аталышы жана чыккан жери;
- суунун тобу, скважинанын номери же булактын аталышы;
- суунун багыты (дарылоо же дарылоо-ашканалык);
- жалпы минералдаштыруу (мг/л же г/л);
- конкреттүү тамак-аш азыгын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү негизги аниондорду жана катиондорду камтышы (мг/л), (даярдоочу аныктайт);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- номиналдык көлөмү;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- куюлган датасы;
- жарактуулук мөөнөтү;
- сактоо шарты;
- продукту ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат;
- дарылык колдонуу үчүн көрсөтмөлөр;
- чектөөлөр жөнүндө маалымат.
Минералдык суунун соодалык аталышы катары булактын же жердин, курорттун географиялык аталышы колдонулууга тийиш. Булактын чыккан жеринин тарыхый аталышын жана ошол жерге байланыштуу өздүк ысымдарды суунун соодалык аталышы катары колдонууга жол берилет. Соодалык аталышы ошол минералдык суунун чыккан жерине жана касиетине карата керектөөчүнү чаташтырууга алып келбөөгө тийиш. Жаратылыштык минерал суусу чыккан жерди бирден ашык аталыш менен атоого, ошондой эле суунун касиети тууралуу ар кандай маалыматтарды жазууга жол берилбейт. Эгерде жаратылыштык минерал суусунун аталышы ал чыккан жердин аталышынан айырмаланса, анда маркировкада суунун чыккан жери көрсөтүлөт. Этикеткада, ярлыктарда, каттама-баракчаларда, жарнамалык баракчада жана маалымат проспекттеринде эгерде суу ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жалпы таанылган илимий методика боюнча аткарылган физика-химиялык анализдердин, клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдүн натыйжасында алынса суунун физиологиялык түзүлүштөрү жөнүндө маалымат жазууга жол берилет. Этикеткага эскертүүчү белгилерди, тиешелүү дипломдор, күбөлүктөр менен тастыкталган медалдарды, көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышкандыгы жөнүндө маалыматтарды жазууга жол берилет.
20. Ашкана суусу
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- тиби (газдалган, газдалбаган);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- жалпы минералдаштыруу (мг/л или г/л);
- суунун иштетилгендиги жөнүндө маалымат (накта, тазаланган, туздук курамы боюнча кондицияга жеткирилген, жасалма минералдаштырылган, фтор кошулган ж.б.);
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдагы азыктын ингредиенттери;
- номиналдык көлөмү;
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- куюлган датасы;
- жарактуулук мөөнөтү;
- сактоо шарты;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
Суунун дарылык касиетин жана жаратылыштык чыккан жерин көрсөтүүгө тыюу салынат. Ашкана суусун маркировкалоодо суунун жаратылыштык чыккан жери жөнүндө керектөөчүнү чаташтырбоо максатында ичүүчү суу менен жабдуу булагынын географиялык орду, чыккан жери, скважинанын номери көрсөтүлбөйт, анткени иштетилгенден кийин тазаланып идишке куюлган суунун составы суунун жана булак суусунун составынан кыйла айырмаланат. Маркалоодо иштетилгенден кийин идишке куюлган сууну минералдаштыруу жана анын химиялык составы көрсөтүлөт. Сууну бир нече булактан алган учурда бир нече булактан куюунун натыйжасында алынган минералдаштыруусу жана анын химиялык курамы көрсөтүлөт.
21. Арак, ликероарак ичимдиктери жана ичүүчү 95%дык спирт
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- кубаттуулугу пайыз менен (этил спиртинин көлөмдүк үлүшү);
- көлөмү;
- курамы.
Тамак-аш сырьесунан алынуучу этил спиртинин колдонулуучу сортунун (мисалы, "жогорку деңгээлде тазаланган", "экстра", "люкс" ж.у.с.), суунун болушу жана даярдоочунун каалоосу боюнча анын айырмалоочу түзүлүштөрү жана/же даярдоо ыкмалары, ошондой эле азыктын даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы (негизги ингредиенттердин тизмесин даярдоочу аныктайт); азыктык кошулмалар, ароматтар, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курмадагы азыктын ингредиенттери көрсөтүлөт;
- 10%дан азыраак этил спиртинин көлөмдүк үлүшү бар алкоголдук ичимдиктер үчүн жарактуулук мөөнөтү;
- эгерде рецептурада кант каралса, ликероарак ичимдиктери үчүн канттын массалык концентрациясы;
- куюу датасы. Этикетканын алдыңкы же арткы жагында көрсөтүлөт. Аны окууга ыңгайлуу жериндеги капкактарда жана контрэтикеткаларда же түздөн түз керектөө идишинде көрсөтүүгө жол берилет;
- көпкө кармалган ликерлер үчүн "көпкө кармалган" деген жазуу;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
Акциздик алымдардын маркасы же дүкөндөрдө алымсыз соодалоо аркылуу сатуу үчүн арналган атайын маркалар менен маркаланууга жаткан продуктулар үчүн этикеткасында жана контрэтикеткасында "алымсыз соодалоочу дүкөндө сатуу үчүн гана" деп көрсөтүлөт. Рецептураны иштеп чыккан уюмдун аталышы жана маалыматтык мүнөздөгү башка жазуулар болушу мүмкүн.
22. Балчылык азыктары
22.1. Бал
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы (чыккан жери кошумчаланышы мүмкүн);
- накталыгы (нукура же жасалма);
- даярдоочунун кароосу боюнча нукура балдын түрү (ботаникалык теги);
- нукура бал чогултулган жыл же жасалма балды даярдоо датасы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- алынган жердин аталышы (даярдоочунун каалоосу боюнча);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы;
- кошулмалары (гүл чаңчасы, энелик сүт, прополис, жаңгак жана башка кошулмалар) менен накта бал жана жасалма бал үчүн азыктын курамы;
- азыктык кошулмалар, жыпар жыт берүүчүлөр, тамакка биологиялык активдүү кошулмалар, көндүм эмес курамдык азыктын ингредиенттери;
- азыктык баалуулугу (100 г продуктудагы килокалориялар, көмүртектер);
- сактоо мөөнөтү жана шарты;
- таңгактоо датасы;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
22.2. Гүл чаңчасы (жаңылоо), энелик сүт жана прополис
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркировкаланат:
- азыктын аталышы;
- гүл чаңчасы үчүн ботаникалык теги (даярдоочунун каалоосу боюнча);
- чогултулган жылы;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- алынган жердин аталышы;
- товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы;
- сактоо мөөнөтү жана шарты;
- таңгактоо датасы;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
23. Крахмал и крахмал азыктары
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы жана түрү;
- сорту (болсо);
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- даярдоо датасы;
- нетто массасы;
- азыктын курамы;
- азыктык баалуулугу;
- сактоо шарты;
- сактоо мөөнөтү;
- таңгактоо датасы;
- азык ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши;
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат.
24. Диетикалык тамак-аш азыктары
Төмөндөгүлөрдү камтыган маалыматтар менен маркаланат:
- азыктын аталышы бул азык диетикалык тамак-аш үчүн арналгандыгын чагылдырууга тийиш. Ал негизги ингредиентке ылайык келип, азыктын консистенциясын чагылдырышы керек;
- даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери (өлкөнү кошо алганда юридикалык дареги же анын аймагында (болсо) керектөөчүлөрдүн дооматтарын кабыл алууга даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы уюмдардын дареги);
- даярдоочунун товардык белгиси (болсо);
- нетто массасы же көлөмү;
- азыктын курамы;
- азыктык баалуулугу;
- витаминдерди, минералдык заттарды камтышы (алар кошулса);
- керектөө таңгакчасын ачканга чейин жана андан кийин сактоо шарты;
- жарактуулук мөөнөтү;
- даярдоо ыкмасы (зарыл болсо);
- даярдоо датасы жана таңгактоо датасы;
- колдонуу багыты жана шарты (зарыл болсо);
- ылайык келүүсүн тастыктоо жөнүндө маалымат;
- азыкты ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгилениши.
"Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме
Класстардын аталышынын жалпы белгилениши
| Класстары | Класстардын аталышы |
|---|---|
| Олифка майынан башка, рафинаддалган май | "Май" деген сөз тийиштүүлүгүнө жараша "гидрогенизирленген" же "айрым гидрогенизирленген" термини менен аныкталуучу "өсүмдүк" же "малдын" деген терминдер менен бирдикте |
| Рафинаддалган майлар | Конкреттүү учурларга жараша "май" деген сөз "өсүмдүк" же "малдын" деген терминдер менен бирдикте |
| Химиялык жактан модификацияланган крахмалдардан тышкары крахмалдар | "Крахмал" |
| Балык башка тамак-аш азыктарынын ингредиенти болсо, жана мындай тамак-аш продуктусун маркалоодо балыктын конкреттүү түрү эскертилбесе, балыктын бардык түрү | "Балык" |
| Канааттуулар эти башка тамак-аш азыктарынын ингредиенти болсо, жана мындай тамак-аш азыгын маркалоодо канааттуулар этинин конкреттүү түрү эскертилбесе, канааттуулар этинин бардык түрү | "Канааттуулар эти" |
| Быштак же анын аралашмасы башка тамак-аш азыктарынын ингредиенти болсо, жана мындай тамак-аш азыгын маркалоодо быштактын конкреттүү түрү эскертилбесе, быштактын бардык түрү | "Быштак" |
| Тамак-аш азыгында салмагы боюнча же өзүнчө же комбинацияда камтылышы 2%дан ашпаган таттуулардын же экстракттардын бардык түрү | "Даамдуу татымал", "татымалдар" же "татымалдын кошулмасы", конкреттүү учурларга жараша |
| Тамак-аш азыгында салмагы боюнча же өзүнчө же комбинацияда камтылышы 2%дан ашпаган бардык чөптөр же чөптүн бөлүгү | Конкреттүү учурларга жараша "чөптөр" же "чөптүн бөлүгү" |
| Чайноочу сагыздар үчүн гумминегиздерди даярдоодо колдонулуучу чайырлардан алынган препараттардын бардыгы | "Гумминегиздер" |
| Ширедеги канттын бардык түрү | "Кант" |
| Ангидриддик глюкоза и моногидрат | "Декстроз" же "глюкоза" |
| Глюкозалар | |
| Казеинаттардын бардык түрү | "Казеинаттар" |
| Сүт белогу | Кургак затта кеминде 50%ды камтыган сүт азыктары (салмагы боюнча)(*) |
| Транспортердук ныктагыч менен ныкталган же рафинаддалган какао майы | "Какао майы" |
| Тамак-аш азыгында камтылышы 10%дан ашпаган бардык кондирленген мөмөлөр | "Кондирленген мөмөлөр" |
(*) Сүт белогун камтуу эсеби: Кьельдалю х 6,38 боюнча азотту камтышы.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентЗакон · 16.11.2013 · № 202 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203894/st-24" title="24-берене - Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>