# 21-берене. Адал "Halal" (Халал) тамак-аш азыгын маркалоо

- Документ: [Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203894)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 86 "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4824/edition/629309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203894/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент, 21-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-21

---

1. Адал "Halal" (Халал) товардык белгиси бар тамак-аш азыгы ушул Мыйзамдын беренелеринин негизги талаптарына, ошондой эле Адал "Halal" (Халал) азыгын өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун, сатуунун технологиялык процесстери тууралуу ченемдик укуктук актыларда аныкталган милдеттүү түрдөгү талаптарга жооп берүүгө тийиш.

2. Адал "Halal" (Халал) азыгын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу тууралуу ченемдик укуктук актыларга ылайык жана Адал "Halal" (Халал) товардык белгисин камтыган азыктар мындай тамак-аш азыгынын коопсуздугу же Адал "Halal" (Халал) тамак-аш азыктары азыктык өзгөчөлүгү боюнча башка азыктардан артыкча экендиги жана адамдын ден соолугу үчүн кыйла пайдалуу болуп санала тургандыгы боюнча шек туудурбашы керек.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-22)
