# 2-берене. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203894)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 86 "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4824/edition/629309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203894/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент, 2-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: антикычкылдандыргыч - майлуу тамак-аш азыктарынын кычкылданып кетүү процессин басаңдатууга арналган тамак-аш кошумчасы; жыпар-жыт берүүчүлөр - жыпар-жыт берүүчү заттардын кошулмасынан турган, тамак-аш азыгынын жытын жана даамын жакшыртуу үчүн кошулуучу тамак-аш кошулмасы; тамак-аш азыгынын коопсуздугу - адамга зыяндуу таасирине байланыштуу жол берилбеген тобокелдиктин жоктугу күбөлөндүрүлгөн тамак-аш азыгынын абалы; биологиялык активдүү тамак-аш кошумчалары - витаминдерди, минералдарды жана башка табигый заттарды камтыган, ден-соолукту сактоого көмөк берүүчү азыктар; генетикалык модификацияланган азыктар - гендик-инженердик-модификацияланган (трансгендик) өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан өндүрүлгөн тамак-аш азыктары; даярдоо датасы - Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган тамак-аш азыгын өндүрүүнүн технологиялык процесси бүткөн дата; таңгактоо датасы (суюк продуктулар үчүн куюлган датасы) - тамак-аш азыгы керектөө идишине салынган (куюлган) датасы; тамак-аш азыгынын өзгөчө белгилери тууралуу билдирүү - ушул тамак-аш азыгы ошол эле топтогу тамак-аш азыгынан айырмаланган, анын ичинде азыктык баалуулугу, кайра иштетүү ыкмалары, курамы, чыккан жери жана ден соолук үчүн пайдасы жагынан белгилүү касиетке ээ экендигин күбөлөндүргөн тамак-аш азыктарынын маркалоодо билдирилген маалымат; идентификациялоо - тамак-аш азыгынын мүнөздөмөлөрүнүн анын олуттуу белгилери менен окшоштугун белгилөө; INS - (International Numbering System) - эл аралык Алиментариус Кодекс Комиссиясынын (Codex Alimentarius) тамак-аш азыктары үчүн стандарттарга киргизилген тамак-аш кошумчаларынын эл аралык сандык кодификациялык системасы, ага ылайык ар бир кошумчага Е (Европада) тамгасынан кийин үч же төрт сандык номер берилген; ингредиент (компонент) - жаныбар, өсүмдүк, микробиологиялык же минералдык тектеги зат, ошондой эле тамак-аш азыктарын өндүрүүдө колдонулуучу табигый же синтезделген тамак-аш кошумчалары; кольеретка - продукция тууралуу кошумча маалыматты камтыган, бөтөлкөнүн жогору жагына чапталган ярлык (кармоо мөөнөтү, товардык белги ж.б.); тамак-аш азыктарын маркалоо - керектөөчүлөр үчүн арналган, жазуулар, сүрөттөр, белгилер, символдор, башка белгилер жана (же) алардын комбинациялар түрүндөгү керектөө таңгагына, транспорт идишине түшүрүлгөн тамак-аш азыктары жөнүндө маалымат же таңгакка, идишке бекитилген же болбосо таңгакка, идишке жайгаштырылган, же болбосо таңгакка, идишке тиркелген башка түрдөгү маалыматтын түрү; тамак-аш азыктарынын партиялары - окшош шарттарда өндүрүлгөн (даярдалган) жана (же) таңгакталган, анын коопсуздугун тастыктоочу бир документ менен коштолгон бир түрдөгү тамак-аш азыктарынын жыйындысы; азыктык баалуулугу - адамдын күч-кубатка жана негизги тамак-аш азыктарына физиологиялык керектөөсүн камсыздоочу тамак-аш азыктарынын касиеттеринин комплекси; тамак-аш азыгы - адамдын тамак-ашы үчүн арналган табигый же кайра иштетилген түрдөгү азык (анын ичинде балдар тамак-ашы, диетикалык тамак-аш азыктары); тамак-аш азыгын жүгүртүү - азыктын даярдоочудан керектөөчүгө чейинки бардык процесстерди камтыган, ал өндүрүлгөндөн кийин өтүүчү жолу (сактоо, ташуу жана сатуу); сатуучу - керектөөчүлөргө тамак-аш азыктарын сатуучу менчиктин ар кандай түрүндөгү жеке жана юридикалык жак; керектөөчү - өзүнүн жеке керектөөсүн канааттандыруу максатында тамак-аш азыктарын сатып алуучу жана алуучу жеке же юридикалык жак; балдардын тамак-аш азыгы - 14 жашка чейинки балдарды тамактандыруу үчүн арналган жана балдардын организминин физиологиялык керектөөлөрүнө жооп берген тамак-аш азыгы; диетикалык тамак-аш азыгы - дарылоо жана профилактикалык тамактанууга арналган тамак-аш азыгы; тамак-аш кошумчалары - тамак-аш азыктарына белгилүү бир касиеттерди берүү жана/же сапатын сактоо максатында аларды даярдоо процессинде азыктарга атайын кошулуучу табигый же жасалма заттар жана алардын бирикмелери; сактоо мөөнөтү - сактоонун белгиленген шарттары сакталган учурда тамак-аш азыктарынын нормативдик же техникалык документтеринде көрсөтүлгөн касиети сакталган мезгил; жарактуулук мөөнөтү - сактоонун белгилүү шарттарын кармоо менен саламаттыкты сактоо органдарынын макулдугу боюнча даярдоочу белгилеген мезгил, ал мезгил өткөндөн кийин тамак-аш азыгы максаты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелинет; идиш - тамак-аш азыгын толук же жарым-жартылай, жабып оролгон, өзүнчө буюм катары жеткирүү үчүн тамак-аш азыктарын таңгактоо. Идишке таңгактардын бир нечеси же түрлөрү салынышы мүмкүн; товардык белги - товарды жана даярдоочуну (сатуучуну) индивидуалдаштыруу үчүн өнөр-жай же соода ишканасынын азыгынын таңгакчасында жайгаштырылган (жазылган) белги; этикетка - маалымат булагы, ага керектөө таңгакчасына жана (же) товар бирдигине тиркелген же бекитилген азыктын же аны даярдоочунун жазуу жүзүндөгү ар кандай мүнөздөмөсү түшүрүлөт; ярлык - таңгакчага бекитилген же тиркелген же таңгакчага чаптапган, маркалоону түшүрүү үчүн арналган таңгакталган тамак-аш азыгы тууралуу маалымат булагы.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-3)
