# 18-берене. Тамак-аш азыгын маркалоодо маалыматты жайгаштыруу

- Документ: [Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203894)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 86 "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4824/edition/629309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203894/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент, 18-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-18

---

1. Тамак-аш азыгын маркалоодо маалымат керектөө идишинин ар биринде окууга ыңгайлуу болгон жерде жайгаштырылат. Түзсүз керектөө идишине куюлуучу түзсүз тунук суюк азыктарынын куюлуу датасы этикетканын артына жазылышы мүмкүн.

2. Эгерде керектөө идишине тамак-аш азыктарын мүнөздөөчү маалыматтарды жазуу мүмкүн болбосо, тамак-аш азыгын, анын ичинде балдардын тамак-ашын мүнөздөөчү маалыматты жеке же топтук керектөө идишинин ар бирине тиркелүүчү каттама-баракчага жайгаштырууга жол берилет.

3. Сатып алуучунун көзүнчө оролуп берилүүчү тамак-аш азыктарын керектөөчүгө сатуу үчүн ушул Мыйзамдын талаптарында каралган маалымат сатуучунун каалоосу боюнча керектөө идишинин (таңгакчасынын) ар бирине тиркелүүчү каттама-баракчаларга же соода залындагы тамак-аш азыгынан алыс эмес жердеги баасы жазылган баракчага жайгаштырылат.

4. Маалымат ар кандай ыкмада жазылышы мүмкүн, ал так жана оңой окулууга тийиш.

5. Тамак-аш азыгына жазылган маалымат берүү каражаттары тамак-аш азыгынын коопсуздугуна таасирин тийгизбеши керек, аны сактоодо, ташууда, сатууда маркалоонун туруктуулугун камсыз кылууга тийиш.

6. Маалымат берүүнүн, анын ичинде маркалоонун өлчөмү жана формасы, керектөө идишинин өлчөмүнө жана формасына дал келүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-19)
