17-берене. Аны маркалоо бөлүгүндө тамак-аш азыгынын ылайык
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
келүүсүн баалоо эрежелери жана формалары
1. Аны маркалоо бөлүгүндө тамак-аш азыгынын ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн баалоо аталган талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл формасында жүргүзүлөт.
2. Аны маркалоо бөлүгүндө тамак-аш азыгынын ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин мамлекеттик көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкты санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылуучу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдү жана контролдоону жүргүзүүчү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3. Аны маркалоо бөлүгүндө тамак-аш азыгынын ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген эрежелерди, методдорду (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү пайдалануу жолу менен ушул Мыйзамдын талаптары, ошондой эле тамак-аш азыгын маркалоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумча талаптар менен тамак-аш азыктарын маркировкалоону салыштыруу жолу аркылуу ишке ашырылат.
4. Керектөөчүлөрдү адаштыруучу аракеттердин алдын алуу максатында тамак-аш азыгын маркалоонун аныктыгын текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген эрежелерди жана методдорду (сыноолорду), өлчөөлөрдү пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
5. Ылайык келиши техникалык регламенттин талаптары менен ырасталган тамак-аш азыгы техникалык регламенттерге ылайык келгендиги тууралуу белги менен маркаланат. Ылайык келүү белгиси Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган тамак-аш азыгы техникалык регламенттерге ылайык келүү белгиси менен кошумча маркаланбайт. Техникалык регламентке ылайык келүү белгисинин графикалык сүрөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. Техникалык регламенттерге ылайык келүү белгиси менен маркалоо ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык арыз ээси тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.
7. Техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келгендиги ырасталбаган тамак-аш азыгын техникалык регламенттерге ылайык келүү белгиси менен маркалоого жол берилбейт.
8. Техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген тамак-аш азыгына техникалык регламенттерге ылайык келүү белгиси менен маркалоого жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203894/st-17" title="17-берене - Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>