# 16-берене. Маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш азыгынын саны

- Документ: [Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203894)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 86 "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4824/edition/629309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203894/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент, 16-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-16

---

1. Азыкты маркалоодо таңгактанган тамак-аш азыгынын саны көлөм бирдиктеринде (литр, миллилитр) же массада (килограмм, грамм), же болбосо дааналап көрсөтүлөт. Мында бирдиктеринин кыскартылган аталыштарын пайдаланууга жол берилет. Дааналап сатылган жумурткалардын, жемиштердин жана жашылчалардын массасын же көлөмүн көрсөтпөөгө жол берилет.

2. Эгерде даярдоочу тарабынан өз өзүнчө сатуу үчүн арналбаган сатып алынуучу тамак-аш азыгы эки же андан ашык керектөө таңгагына салынса, керектөө таңгактарынын санын жана ар бир керектөө таңгагындагы тамак-аштын санын же тамак-аш азыгынын жалпы санын көрсөтүү зарыл.

3. Ташуу идишине жайгаштырылган тамак-аш азыгынын саны көлөм бирдиктеринде (литр, миллилитр), же массада (килограмм, грамм), же транспорттук идиштеги керектөө таңгактарынын бирдиктеринин санын белгилөө жолу менен ар бир керектөө таңгагына жайгаштырылган тамак-аш азыгынын саны көрсөтүлөт. Мында бирдиктердин кыскартылган аталыштарын пайдаланууга жол берилет.

4. Тамак-аш азыгы суюктукка (суу, туздун сууга аралашмалары, туздалган суу, тамак-аш кычкылдарынын суу аралашмалары, уксус, канттын же башка таттуу заттардын эритиндилери, жемиш же жашылча ширелери жана башкалар) жайгаштырылган учурда, тамак-аш азыгынын жалпы массасын же жалпы көлөмүн көрсөтүү менен бирге суюктукка жайгаштырылган тамак-аш азыгынын массасы же көлөмү көрсөтүлүүгө тийиш. Мындай талап тоңдурулган ушул сыяктуу эле азыкка да таралат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-17)
