# 12-берене. Маркалоодо көрсөтүлүүчү тамак-аш азыгынын даярдалган

- Документ: [Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203894)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 86 "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4824/edition/629309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203894/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент, 12-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-12

---

датасы

1. Тамак-аш азыгынын маркалоодо көрсөтүлгөн аны даярдоо датасы төмөнкүдөй сөздөрдү пайдалануу менен ишке ашырылат:

1) жарактуулук мөөнөтү 72 саатка чейинки мөөнөттө - сааты, күнү, айы көрсөтүлгөн "даярдалган датасы";

2) жарактуулук мөөнөтү 72 сааттан 3 айга чейинки мөөнөттө - күнү, айы көрсөтүлгөн "даярдалган датасы";

3) жарактуулук мөөнөтү 3 ай же андан ашканда - айы, жылы же айынын көрсөтүлгөн "даярдалган датасы".

2. Эгерде таңгактоочу бир эле учурда даярдоочу (өндүрүүчү) болуп саналган шартта даярдоонун (өндүрүүнүн) жана таңгактоонун датасы төмөнкүчө көрсөтүлөт: "даярдалган (өндүрүлгөн) жана таңгакталган (датасы)".

3. Шарап, алкоголдук жана алкоголдук эмес ичимдиктер, пивонун, минералдык суулардын куюлган датасы бир эле учурда даярдоо жана таңгактоо датасы болуп саналат.

4. Жумурткаларды сорттоо датасы бир эле учурда таңгактоо датасы болуп саналат. Таңгактоо датасы күндү, айды жана жылды билдирген эки сандык түрүндө жазылат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-13)
