# 1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203894)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 86 "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4824/edition/629309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203894/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент, 1-берене (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-1

---

1. Ушул Мыйзам жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, тамак-аш азыктарын маркалоо процессинде пайда болгон аракеттерден керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана керектөөчүлөрдү адаштырууга алып барган иш-аракеттердин алдын алуу максатында колдонулат.

2. Ушул Мыйзам техникалык жөнгө салуунун объектилерин белгилейт, аларга карата маркалоо жөнүндө милдеттүү талаптар: техникалык жөнгө салуунун объектилерин идентификациялоонун эрежелери; техникалык жөнгө салуунун объектилерин маркалоого жана аны белгилөөнүн эрежелерине карата милдеттүү талаптар; техникалык жөнгө салуу объектилеринин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келишине баа берүүнүн эрежелери жана формалары белгиленилет.

3. Ушул Мыйзамдын талаптары тамак-аш азыктарын өндүрүү (даярдоо) жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын чекене соодалоо чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн бардык юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

4. Ушул Мыйзамдын талаптары чекене сатып өткөрүү үчүн оролуп таңгакталган тамак-аш азыктарын кошпогондо, коомдук тамак-аш уюмдары тарабынан жасалган тамак-аш азыктарына жайылтылбайт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203894/st-2)
