# 9-берене. Уюшкан кылмыштуулукту жаратуучу себептерди жана

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 9-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-9

---

шарттарды аныктоо жана жоюу

1. Уюшкан кылмыштуулуктун жаралышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо укук коргоо органдары тарабынан ушул чөйрөдөгү маалыматтарды системалуу талдоо, аны илимий жактан жалпылоо жана аңдап түшүнүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Уюшкан кылмыштуулуктун жаралышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктаган укук коргоо органы ошол себептерди жана шарттарды жоюу үчүн ал маалыматтарды мамлекеттик органдарга же коомдук бирикмелерге жеткирет.

3. Уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды жоюу кылмыштуулукка каршы аракеттердин жалпы мамлекеттик программасынын алкагындагы саясий, укуктук, социалдык жана экономикалык мүнөздөгү чаралардын комплекси аркылуу жүзөгө ашырылат.

4. Уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды жоюу жарандык коомдун түздөн түз катышуусу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-10)
