# 7-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 7-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-7

---

уюштуруучулук негиздерин түзүү

1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча чаралардын программасын иштеп чыгат;

2) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат;

3) трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүчү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын мүчө болушун камсыз кылат;

4) ыйгарым укуктуу органдарды материалдык-техникалык жактан тийиштүү деңгээлде жабдууну камсыз кылат, жеке курамды жана алардын үй-бүлөлөрүн коргоо чараларынын системасын, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттер боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгат жана ишке киргизет;

5) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин абалы жөнүндө электрондук маалымат базаларын иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн бирдиктүү шарттарды аныктайт;

6) ыйгарым укуктуу жана көмөктөшүүчү органдардын карамагында турган маалыматтарга уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер боюнча бөлүктөрдүн толук кандуу жетүүсүн камсыз кылат жана аны алуунун жана пайдалануунун тартибин жана шарттарын аныктайт.

2. Ыйгарым укуктуу органдар өз түзүмдөрүндө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүктөрдү түзөт, ушул чөйрөдө болуп жаткан процесстерди талдоону жана болжолдоону ишке ашырат.

3. Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) иштерин аныктоону жана бөгөт коюуну түздөн-түз уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын бөлүмчөлөрү жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-8)
