# 6-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин багыттары

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 6-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-6

---

Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер чөйрөсүндөгү багыттар төмөндөгүлөр болуп саналат:

1) уюшкан кылмыштуулукка каршы натыйжалуу аракеттердин, эл аралык кызматташууну уюштуруунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү;

2) маалыматтык камсыз кылуу;

3) уюшкан кылмыштуулукту жаратуучу себептерди жана шарттарды ачуу жана жок кылуу;

4) уюшкан кылмыштуу топторду, кылмыштуу шериктиктерди (кылмыштуу уюмдарды), куралдуу топторду (бандаларды) түзүүнү, анын ичинде алардын ишин каржылоо схемасын жок кылуу;

5) уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) кылмыштуу иштерин, анын ичинде алардын иштерин каржылоонун схемаларын аныктап табуу жана бөгөт коюу;

6) күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу жана зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу;

7) мамлекеттик кызматчылар жана кызмат адамдары менен коррупциялык байланыштарды түзүүнү, алардын кылмыштуу ишке тартылышын болтурбоо;

8) уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) криминалдык идеологияны таратуу же башка кылмыштуу максаттарда пайдалануу максатында жарандарды же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануусуна каршы аракеттенүү.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-7)
