# 5-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенген мамлекеттик

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 5-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-5

---

органдардын системасы

Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерди жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттеди жүзөгө ашыруучу органдар (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар):

а) ушул Мыйзамдын алкагында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер боюнча өз ара байланышта иштешүүнү, маалыматтарды чогултууну, талдоону, сактоону жана пайдаланууну камсыз кылуучу ички иштер органдары;

б) улуттук коопсуздук органдары;

в) жазык-аткаруу системасынын органдары;

г) баңги заттарды контролдоо боюнча орган;

д) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча орган;

е) бажы органдары;

2) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерге көмөктөшүүчү органдар (мындан ары - көмөктөшүүчү органдар):

а) прокуратура органдары;

б) салык органдары;

в) коргоо боюнча орган;

г) финансылык чалгындоо органы;

д) мамлекеттик каттоо кызматы;

е) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

ж) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;

з) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

и) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;

к) уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттер боюнча эл аралык кызматташтыктын жалпы маселелерин координациялоону ишке ашыруучу тышкы иштер тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-6)
