# 29-берене. Жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 29-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-29

---

кызыкчылыктарын сактоо

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алардын компетенциясына киргизилбеген жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү жүзөгө ашырууга байланышпаган иштерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдын кызмат адамдарын жана материалдык-техникалык каражаттарын тартууга тыюу салынат.

2. Мамлекеттик орган тарабынан алынган кылмыштарды жана башка мыйзам бузууларды жасоого байланышпаган маалыматтар ачыкка чыгарылышы жана жеке жана юридикалык жактардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө пайдаланылышы мүмкүн эмес. Андай маалыматтарды камтыган документтер жана башка материалдар алынган учурдан тартып бир жылдан кечиктирилбестен жок кылынат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-30)
