# 28-берене. Жеке жана юридикалык жактардын финансылык-экономикалык

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 28-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-28

---

иштерин, мүлктүк жана финансылык абалын алдын-ала текшерүү

1. Жеке жана юридикалык жактардын уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар экенин көрсөтүүчү маалыматтар болгондо, кылмыш ишин козгогонго чейинки алдын-ала текшерүү сот актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Ыйгарым укуктуу орган зарылчылык болгондо алдын-ала текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды тартат.

3. Ыйгарым укуктуу орган соттун чечиминин негизинде бөлмө-жайларды (турак жайдан башкасын) аларда турган документтери, акча жана материалдык каражаттары менен мөөр коюп бекитүүгө жана кайтарууга алууга, ошондой эле предметтерди жана документтерди тийиштүү протокол түзүү менен алып коюуга укуктуу.

4. Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) ишинен алынган каражатка юридикалык жак түзүлгөнү же иштеп жатканы жөнүндө маалыматтар алынса, ыйгарым укуктуу орган сотко чарбакер субъекттердин каттоосун жокко чыгаруу же ишин токтотуу, ошондой эле бүтүмдөрүн же келишимдерин жараксыз деп таануу жөнүндө доо коюу менен кайрылуу үчүн компетенттүү мамлекеттик органдарга сунуштама киргизет.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-29)
