# 27-берене. Ыйгарым укуктуу органды маалыматтык, финансылык жана

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 27-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-27

---

материалдык-техникалык камсыз кылуу

1. Уюшкан кылмыштуулук жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтарды алуу, жалпылоо, талдоо, сактоо жана пайдалануу максатында ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда борбордоштурулган маалыматтык база түзүлөт.

2. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык кызматы Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын маалыматтык кызматтары, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча кызматтары менен өз ара аракеттенет, алар менен уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу шериктиктер (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар), алардын башчылары жана мүчөлөрү жөнүндө керектүү маалыматтарды алмашат.

3. Ыйгарым укуктуу органды финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

4. Ыйгарым укуктуу органды финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-28)
