# 26-берене. Финансылык жана мүлктүк абалды текшерүүнүн негиздери

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 26-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-26

---

жана тартиби

1. Уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдарды маалыматтык базага киргизүү жөнүндө соттун актысы күчүнө киргенден кийин адамдын ыкчам-алдын алуучу каттоодо турган бардык мезгилдеги финансылык жана мүлктүк абалы текшерилет.

2. Каттоого алынган адамдын аныкталган кылмыштуу байланыштары, мүлккө ээлик кылышынын, кирешелерди же мүлктү алышынын мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди алышынын жагдайлары жана алынган кирешелеринин мыйзамдуулугу текшерилүүгө жатат.

3. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алынган адамдын финансылык жана мүлктүк абалын текшерүү жөнүндө чечим соттун чечимине ылайык ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.

4. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алынган адамдын финансылык жана мүлктүк абалы соттун актысынын негизинде текшерилет, анда булар көрсөтүлөт:

1) ыкчам-алдын алуучу каттоого алынган адамдын финансылык жана мүлктүк абалын текшерүүчү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын аты-жөнү;

2) текшерилчү адамдын (же адамдардын) аты-жөнү;

3) текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгын жана текшерүү жүргүзүүнүн максатын күбөлөгөн маалыматтар;

4) кайсыл убакыт үчүн текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы.

5. Текшерүүнү башка тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерин тартуу менен ушул Мыйзамдын 5-беренесинде саналган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-27)
