# 22-берене. Сот тарабынан салынуучу милдеттердин түрлөрү

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 22-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-22

---

1. Сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштама алынгандан жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы берген бардык материалдар менен таанышкандан кийин, сот адамга төмөнкү милдеттердин бирин же бир нечесин дайындайт:

1) жашаган жерин ыйгарым укуктуу органдын контролдоочу кызмат адамына билдирмейинче алмаштырбоо;

2) саналган конкреттүү адамдар менен түздөн-түз өзү; башка адамдар аркылуу; техникалык жана башка каражаттардын жардамы менен байланышка чыкпоо;

3) сутканын ага аныктаган убагында жашаган жеринде болуу;

4) сунуштамада көрсөтүлгөн белгилүү жерлерге барбоо;

5) автомототранспорт каражаттарды айдабоо;

6) контролдоочу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамына наркы беш жүз эсептик көрсөткүчтөн ашкан бардык бүтүмдөр жөнүндө маалымдоо;

7) ички иштер органдарына мыйзамдуу жол менен алынган дүрмөттү куралды убактылуу сактоого белгиленген тартипте тапшыруу; башка куралды албоо жана сактабоо.

2. Салынчу милдеттерди дайындоодо сот алардын мөөнөттөрүнүн узактыгын белгилейт.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 02-ноябрындагы N 6-р чечими

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-23)
