# 21-берене. Сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоонун тартиби

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 21-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-21

---

1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча органдын жетекчиси уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча бөлүмчөнүн кызмат адамына уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) катышы бар адамга сот салуучу милдеттер жөнүндө жүйөлөштүргөн сунуштама даярдоого ыйгарым укук берет.

2. Адамга сот актысы менен салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштамада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) жүйөлөштүрүлгөн сунуштаманы даярдаган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын аты-жөнү жана кызмат орду;

2) сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо сунушталган адамдын аты-жөнү, жашаган жери, ишинин (ишинин түрүнүн) мүнөзү, кирешесинин негизги булактары, үй-бүлөлүк абалы;

3) сот тарабынан салынуучу милдеттерди колдонуунун зарылдыгы негизделген себептер;

4) дайындоо үчүн сунушталган милдеттердин түрлөрү, узактыгы жана шарттары.

Сунуштамага адамдын коомго коркунучтуулугун далилдеген материалдар тиркелет.

3. Сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн сунуштама сот тарабынан ошол милдеттерди сот аркылуу салуу сунушталган адамдын жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын катышуусунда каралат.

4. Адамга сот салуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштаманы сот жыйырма төрт сааттын ичинде карайт.

Сот материалдар менен танышып жана түшүндүрмөлөрдү уккандан кийин адамга сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө чечим чыгарат же аларды дайындоодон жүйөлөнгөн баш тартуу чыгарат. Адамга сот тарабынан салынуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө чечим ал кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.

5. Сот салуучу милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштаманы кароого катышкан адамдар сотко түшүндүрмө берүүгө укуктуу. Сот ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы берген бардык материалдар менен жарыя кылбай таанышууга укуктуу.

Берилген материалдар жөнүндө маалыматты жарыя кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат.

6. Соттун актысы менен салынуучу милдеттер бир айдан алты айга чейинки мөөнөткө дайындалат жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын сунуштамасы боюнча сот аны бир жылга чейин узартышы мүмкүн.

7. Сот салуучу милдеттер жүктөлгөн адам жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамда белгиленген тартипте сот актысына даттанууга укуктуу.

8. Сот актысына даттануу анын аткарылышын токтотпойт.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 02-ноябрындагы N 6-р чечими

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-22)
