# 20-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоодон чыгаруу үчүн негиздер

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 20-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-20

---

1. Адамды ыкчам-алдын алуучу каттоодон чыгаруу соттун актысынын негизинде төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) белгиленген мөөнөтүнөн мурда - эгерде алынган маалыматтар таасир этүүнүн алдын алуучу чаралар менен каттоого коюунун максатына жетишилгенин күбөлөсө;

2) белгиленген мөөнөтү бүткөндө - аны узартуу үчүн негизи жок болсо;

3) соттун чечими менен каттоого коюу мыйзамсыз деп таанылган учурда;

4) каттоого коюлган адам өлгөн учурда.

2. Ыкчам-алдын алуучу каттоодон чыгаруу жөнүндө чечим адамга жазуу жүзүндө кабарлануу менен билдирилет.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-21)
