# 19-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлган адамды контролдоо

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 19-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-19

---

1. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлган адамды контролдоочу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мыйзамда белгиленген тартипте ыкчам-издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууга;

2) адамдан келүүнү талап кылууга жана текшерилчү жагдайлардан улам түшүндүрмө алууга;

3) адамдан соттун актысынын негизинде алган кирешелери жөнүндө маалыматтарды берүүнү талап кылууга;

4) уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдо турган адам жөнүндө компетенциясына кирген маалыматтарды берүү жөнүндө кайрылууга;

5) ал адамдан жашаган жерин же ишин алмаштырышынын себеби жөнүндө маалыматты талап кылууга.

2. Ал адам контролдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү.

Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын мыйзамдуу талаптарын аткарбаганы үчүн ыкчам-алдын алуучу каттоодо турган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

3. Ыкчам-алдын алуучу каттоодо турган адамды контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сыр болгон маалыматтын жана мамлекеттик эмес сырларга тийиштүү башка сырлардын сакталышын камсыздоого милдеттүү.

Мамлекеттик сыр болгон маалыматтарды жана мамлекеттик эмес сырларга тийиштүү сырларды ачыкка чыгарганы үчүн мамлекеттик органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-20)
