# 18-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюунун мөөнөтү

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 18-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-18

---

1. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюунун колдонуу мөөнөтү соттун актысы чыгарылган учурдан тартып алты айдан үч жылга чейинки мөөнөттү түзөт.

Сот белгилеген мөөнөт бүткөндөн кийин адам ыкчам-алдын алуучу каттоодон чыгарылат.

2. Эгерде адам ыкчам-алдын алуучу каттоодон чыгарылгандан кийин уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топторго (бандалар) катыштыгын уланта берсе, анда ал кайрадан каттоого коюлууга жатат.

3. Эгерде ыкчам-алдын алуучу каттоодо турган адам администрациялык же кылмыш жообуна тартылса, анын каттоодо туруу мөөнөтү администрациялык же кылмыш жоопкерчилигин өтөп бүткөн учурдан тартып кайра башынан эсептелет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-19)
