# 17-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюунун негиздери

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 17-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-17

---

1. Ыйгарым укуктуу органдагы же ыкчам-издөө ишин жүргүзүүгө укук берилген башка мамлекеттик органдардагы адамдын уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуу шериктиктерге (кылмыштуу уюмдарга), куралдуу топторго (бандаларга) тиешеси бар экени, анын кылмыштуу ишке активдүү катышкандыгын же анын жетектөөчү ролун көрсөткөн, тийиштүү материалдар менен далилденген маалыматтар, анын ичинде оперативдик маалыматтар ыкчам-алдын алуучу каттоого коюу үчүн негиз болуп саналат.

Ыйгарым укуктуу же ыкчам-издөө ишин жүргүзүүгө укук берилген башка мамлекеттик органдар тарабынан алынган ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлууга тийиш болгон адамдар жөнүндө маалыматтар, белгиленген тартипте борбордоштурулган каттоого алуу үчүн ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтар базасына берилет. Ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам-издөө ишин жүргүзүүгө укук берилген башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарында жол берилген бардык каражаттар, ошондой эле жарандардан жабык сот процессинде алынган жана жыйындын протоколуна киргизилген оозеки көрсөтмөлөрү ушул беренеде көрсөтүлгөн кабарлардын жана маалыматтардын булагы болуп саналат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-18)
