# 15-берене. Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюу

- Документ: [Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203890)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 29-майындагы № 82 "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4820/edition/848482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203890/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө, 15-берене (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-15

---

1. Өзүнө карата расмий эскертүү чыгарылган адам, эгерде ал коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерин токтотпогон учурда соттук актынын негизинде ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлат.

2. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Мыйзамда каралган тартипте жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган формаларга ылайык жүргүзүлөт.

3. Уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу шериктиктердин (кылмыштуу уюмдардын), куралдуу топтордун (бандалардын) жетекчилери жана мүчөлөрү алар жөнүндө маалыматтарды уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтык базага киргизүү жолу менен, ушул Мыйзамда каралган тартипте ыкчам-алдын алуучу каттоого коюлат.

4. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алуу жөнүндө чечим сот тарабынан кабыл алынат.

5. Ыкчам-алдын алуучу каттоого алуу жөнүндө чечим чыгарылган адам ага сот тартибинде даттана алат.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 02-ноябрындагы N 6-р чечими

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203890/st-16)
